Беш мүнөттө стресстен кантип арылабыз?

1. Жөө басып келиңиз Болгону 5 мүнөт болсо да сыртка чыгып келүүгө аракеттениңиз. Таза аба менен жөө жүрүү жүрөктүн кагышын калыпка келтирип, оюңузду жыйноого жардам берет. 2 . Китеп окуңуз Колуңузга фантастика же күлкүлүү жанрдагы китепти алып, окуп баштаңыз. Сюжети кызыктуу китеп мээңизди эс алдырат. 3. Медитация менен алектениңиз Кээде стресстен арылуунун бирден бир жолу — бир нече мүнөт тынч отуруу. Ал эми бул убакыт ичин бош өткөрбөш үчүн медитация менен же болбосо визуализация менен алектенсе болот. 4. Күлкүлүү видео көрүңүз Стресс менен күлкү бир-бирине карама-каршы келген дүйнө. Ошондуктан, стресс болгон кезде интернеттен күлкүлүү роликтерди таап, бир-экөөнү карап алуу жетиштүү. Өзгечө жаныбарлар же кичинекей балдар катышкан видеолор өзгөчө күлкү тартуулайт. 5. Чай ичиңиз Күндө ичкен чайга организм көнүп калган чыгаар. Ошондуктан, нервди тынчтандыра турган чөптөр кошулган чай жасап ичиңиз. Мисалы, ромашка чайы. 6. Жаздык менен согушуңуз Кээде стрессти баспай, кайра денедеги бардык сезимди сыртка чыгарыш керек болот. Ошондой маалда жаздыкты жакшылап согуп алыңыз. 7. Терең дем алыңыз Стресс болгон кезде биз туура дем албайбыз. Анын кесепетинен кан айлануу бузулат. Ал организмге кошумча стресс берет. Ошол себептен 5 мүнөт бою терең дем алыңыз. 8. Муздак сүлгүнү желкеңизге басыңыз Стрессти тез басууга жардам берген дагы бир ыкма — желкеңизге муздак суу басуу. Жаныңызда сүлгү болсо, аны муздак суу менен суулап, желкеңизге бир нече секунд басып түрүңуз.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу