Беш жылдык кара дубанын күчү

Айткандай азыр көпчүлук кара дуба дегенге ишенбей келет. Ооба, ишенмек турсун кара дубаны жомок катары сезгендер дагы бар. Бирок ба-шына келип кыйноо азабын тарткандар айтса ага кош көңүл мамиле жасап, башка чараларды көрүп койгон учурлар да көп кездешет. Эмесе мен өз көзүм менен көрүп жүрөгүм менен сезген окуяны сиздерге баян кылып берүүнү эп көрдүм. Айткандай каармандардын ысымдарын өзгөртүп бер деген талап коюлгандыктан окуяга күбө болгон адамдардын ысымдары өзгөртүлүп берилди.

Өзүн Каным деп тааныштырган эженин жашы элүү төрттө. Мындан беш жыл илгери кайдагы бир терс энергия алып жүргөн молдокеге жолугуп, ошондон баштап азыркы учурга чейин кара дубанын азабын тартып кыйналып келе жатканын көз жашын тыйбай ыйлап олтуруп айтып берди.

Деги эле бул жашоодо бирөөнүн өмүрү менен ойногон адамдардын жоругу жолдо калсын. Айткандай тиги молдоке алыста жатып алып эле Каным эжени кыйнай берет экен. Ал турсун муну кыл, тигини кыл деп буйрук дагы берээрин айтканда ишенген жокмун.

Менин ишенбей жатканымды сезген эже: — Күндө кечинде мен үчүн төшөккө жатуу азаптын азабы, кандай жаздыкка баш койдум алиги нерсе келет экен дагы кадимкидей кулагыма ар нерсени шыбырап, жанымды койбой каткырып-күлүп шылдыңдап, азап берет- деп көзүнү жашын арчып алып: -Мына карачы -деп ичи кыймылдап жатканын көргөзүп колдору катып каларын да айтты.

Андан дагы менин келеримди дагы билип коюптур. Мени менен сүйлөшүп жатып дагы: — Мына ашыкча сөз айтпа деп кулагыма шыбырып жатат — деди.

Мен чочуп кетсем эже:

— Коркпо ал мен эмне кылып жатканңдын барын билип турат. Сен келе жатканда айткан: — Күтүп жаткан кишиң келе жатат, алдын тосуп чык!-деп. Кээ бирөөлөр мени жинди болуп калган го деп дагы ойлошот. Милицияларга кайрылсам алар мени Чым- Коргонго жаткырып да чыгышты. Медиктер такыр диагноз коё албай коюшту.

Кээде кадимкидей чачтарымдан тарткылап мени абдан кордоп кыйнайт. Эмесе сөзүбүз супсак болбос үчүн эженин өзүнө суроо менен кайрылып көрөлү:

— Эже, сиз эмне болуп бул окуяга кабылып жүрөсүз.

— Эй, мен дагы бир кезде акчаны  жакшы  таап, көп  ийгиликтерди жараткан элем. Анан кайдан ушул ишке кабылып калдым билбейм. Мен бул жерден бардык эле молдолорго күнөө койгондон алысмын. Бирок кээ бир ички оюу арам молдолор кара дубанын күчү менен акча таап жашоолорун өткөрүп келе жатканын мен бул илдетке кабылганы билип олтурам.

Бир күнү иниме дем салдырганы биз жашаган жактагы мечитке алып барып калдым. Барып казыны күтүп турсак бир молдо келип болбой эле «мен эле дем салып коём» деп болбой мечитке ээрчитип кирди да, иниме дем салган соң:

— Сизге дагы дем салып коён деп эле менин макулдугум жок башымдан кармап туруп бир нерселерди окуду. Ошол кезде көзүм караңгылап, өзүмдү бир башкача сезип кеттим. Анан эле эртеси үйүңө келем деп болбой койду. Мен каршы болсом болбой үйдүн дарегин алды да эртеси күнү күндүз келмек, бирок кечинде келди да, жасап койгон тамагымды жеп, анан мага дем сала баштады.

Эх, ошондо мен такыр эле каршы болуп туруп алсам болмок экең, Аны мен молдо деп ишенген элем. Сүйлөсө тим эле сөздүн гүлүн тандап сүйлөп, мени турмушка чык деп үндөп кетти. Анткени эки жыл илгери жолдошум каза болуп калган болучу. Ал күнү молдокени эптеп үйдөн кетирип жибердим. Ал кеткенден кийин кадимкидей өзүмдү жеңил сезе баштадым. Ушунчалык ал молдоке кара күчтөр менен байланышы бар экенин ошондо дароо билдим. Молдоке андан дагы үйүмө абдан кызыгып кетти. Биздин үй ушунчалык жакшы план менен салынып, акыркы үлгүдөгү заманбап жабдыктар менен жаб-дылган.

Мен ал түнү уктай албай чыктым. Эртеси молдоке бир баладан мени чакыртып жибериптир. Бирок мен баргым келбеди. Аны абдан жаман көрүп калганмын.

Тиги бала ке-тээринде :

— Эже сөзсүз барыңыз, барбасаңыз өзүңүзгө эле жаман болуп калат!- дегенинен барсам, ниети жаман молдоке мени күтүп турган экен. Мени көргөндө кара күчкө жылмайып, өзүн кыйнап жакшы кабыл алган болду. Бирок анын жасалма мамилеси ушунчалык мага жаккан жок.

Ошондо эле анын арам оюу бар экенин билгем. Ошого окшогон молдолор динди булгап жатканына ичим күйөт. Андан дагы ал сөз арасында мага сиздин үйүңүз абдан жагып калды — деп сөз баштаса боло.

Бердикожо Бийназаров

Булак: «Шамбала»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу