Беш балалуу келин: «Ала качып үйлөнгөн күйөөм сабай берип кетип калдым. Кайын журтум ага «кыз көп, башкасын аласың» дешкен»

Алинаны (аты өзгөртүлдү) 16 жашында өзүнөн 9 жаш улуу жигит ала качып кеткен. Ал турмушунан багы ачылбай 5 баласы менен учурда көчөдө калган. Күйөөгө чыккандан тартып күйөөсүнөн жана кайненесинен кордук көргөн Алина башынан өткөн окуясы, ала качуу тууралуу пикирин SUPER.KGпорталына билдирди.

«Мени 2009-жылдын октябрь айында ала качып кетишти. Каршылыгыма карабай отургузуп коюшту. Ата-энем да артымдан кууп келишкен. Аларга да бербей коюшту. Ал убакта мен болгону 16 жашта, ал эми күйөөм 25те болчу. Өмүрүмдө көргөн эмесмин. Кайненем мени көрүп баласына алып берүүнү сунуштаса, күйөөм жаш экен деп коркуп макул болбой коюптур. Ошентсе да болбой кайненем моюн сунган кыз, башкарганга оңой деп ала качырыптыр. Алгачкы 3 жыл жолдошум экөөбүз бири-бирибизди көргүбүз келбей жашадык. Үйдө күндө уруш-талаш. Кайненем күйөөмө ар кандай кеп айтып, жолдошум экөө биригип себепсиз эле сабап салышчу. Акыркы жолу 2017-жылдын сентябрь айында үйдө катуу жаңжал болуп, алар мени тепкилешти. Ички кан тамырларым жарылып, ооруканага жатып чыктым. Ошондон кийин 5 баламды алып кетип калдым. Жолдошум артымдан акыбалымды сурап келип да койгон жок. Кайненем күйөөмө кыздар толтура, башкасын деле алып аласың дептир», — дейт Алина.

Ал укук коргоо органдарына бир нече жолу кайрылганын, бирок тиешелүү мекемелерден жардам көрсөтүлбөгөнүн билдирет. Турмушка чыга электе Алинанын жогорку окуу жайга тапшырып, татыктуу кесиптин ээси болуп, үй сатып алам деген максаты болгон. Бирок ал ой-тилегим ала качуунун айынан ишке ашпай калды дейт ал.

«Чыр-чатактан тажап милицияга көп жолу арыз жазгам. Далил катары соттук медициналык экспертизадан да өткөм. Бирок карашкан жок. Себебин мындай арыз менен толтура кыз-келиндер кайрылат, кайра тосмо арыз жазып беришет деп түшүндүрүштү. Учурда 3 кыз, 2 балам менен барарга жерим жок шаардагы кризистик борборлордун биринде жашап жатам. Жакында жумушка орношуп батирге чыгып алсамбы деп турам. Ал эми жаш кыздарга айтарым, эгер силерди ала качып кетсе, отурбай эле койгула. Жигит менен жакындан таанышып, урук-тууганына да маани бергиле. Ала качуу — бул жапайычылык. Менин оюмча, ала качкан жигиттер кыздар менен сүйлөшө албайт, колунан эч нерсе келбейт. Ошондуктан алар ушул кадамга барышат», — деп сөзүн жыйынтыктады Алина.

SUPER.KG порталы Алинанын айткандары боюнча экинчи тараптын да пикирин угуп, жарыялоого даяр.

БУЛАК:СУПЕР.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу