Бет таза болуш үчүн ашказан таза болсун

Бүгүнкү күндө ар бир кыз-келин сырткы келбет ички организм менен түздөн-түз байланыштуу экенин жакшы билет. Ошол себептен түрдүү диета менен туура тамактануу пайдалуу эрежесин сактаганга аракет кылышат. Биз да сиздерге ушул темага байланыштуу кеңештерибиз менен бөлүшүүгө аракет кылмакчыбыз.

Бир ай бою эртең мененки тамакка өтө пайдалуу «скрабты» кошуп жегенге туура келет. Бир айдан кийин күзгүдөн аракетиңиздин жыйынтыгын көрө аласыз.

Бет теринин түсү, тырмак менен чач жакшырып, ичтеги май “эрип” баштайт.

Курамы:

5 аш кашык сулуу;

5 аш кашык суу;

1 аш кашык сүт (же 1 чай кашык каймак);

1 чай кашык бал;

5 грек жаңгагы.

Даярдоо жана колдонуу ыкмасы:

Түндө 5 аш кашык сулууга 5 аш кашык кайнап муздаган суу куюш керек. Муну эртең 15-20 мүнөткө коюга да болот.

Эртең менен ушул аралашмага 1 аш кашык сүт же 1 чай кашык каймак кошуп, 1 чай кашык бал аралаштырып, 5 грек жаңгагын кошуш керек. Андан соң баарын жакшылап аралаштырып, оозго салып, жакшылап чайнап жеңиз.

Андан кийин 3 саат бою эч нерсе жебеген оң.

Булак:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу