Бет карашкыс душмандардай ажылдашкан Түлеев менен АША жараштыбы?

Эсиңиздерде болсо, мындан бир ай мурда биз гезитке мындай деп учкай кабар жазганбыз:

“Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев маек берип, “эгерде Атамбаев деген кырсык тополоң уюштургусу келсе, андан кыргыз элин автомат менен коргоп чыгам”- деген мааниде айтканын элдин баары билет. Биз бул жумада да Нариман Ташболотовичке бир неча суроо менен кайрылганбыз. Үңкүйүп унчукпай калыптыр. Кечээ эле аны сыздатып, камап, мүлкүн тартып алган агасынын абалы боюнча суроо бергибиз келген. Такташ керек да. Анын үстүнө экс-президенттин жанындагы айрым адамдар бизге кайрылып, “бирөөнүн буйрутмасын аткарып акчасын алсаңар да, адамгерчилик керек”- деп жазып жатышса. Түлеевди түшүнгөн жокпуз. Телефонго жооп бербейт. Анын тагдырын АШАнын тегерегинен уктук: “Шеф менен бирге болот”- деп. Ой принцип каякта? Бет барбы? АША менен сүзө бериниз Наке, ийгилик!”.

Ачыгын айтуу керек, бул тактоо керек болгон маалыматка Н.Түлеев өзү аябай ачууланып, “мен керек болсо Атамбаев менен туалетке да барбайм”- деп ызырынган. “А-а, Түлеев эркек экен, сөзүндө туруп, АША менен до конца күрөшөт эми!”- деп анын күйөрмандары майрамдап жаткан. Анан эле… “Атамбаевдин куугунтугуна кабылдым” деп ыйламсыраган Нариман Түлеев соцтармактагы баракчасына экс-президент менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, элдин оозун ачырды.

КСДП Атамбаев Москва шаарында өтчү Эл аралык конференциялар Башкы Ассамблеясынын 10-жыйынына катышуу үчүн бараарын алдын ала жарыялаган. Так ошол күнү так ошол учакка “бактылуу кокустук” менен экс-мэр да отуруп калган экен, мүмкүнчүлүктү куру кетирбей селфи жасай коюптур.

Алгач экс-мэр Атамбаевдин жансакчысы менен чогуу алдыңкы катарда отурганын артынан сүрөткө тарта коюп жарыялаган. Салондогу жүргүнчүлөр экс-президенттин дарегине жагымсыз сындарды угуза айтып жатса да, тиги киши “лам” деп ооз ача албай отурганын жазган. Анан эле андан көп убакыт өтпөй, учак асманга көтөрүлгөнгө чейин эле экс-президенттин жанында жылмайып турган сүрөтүн жарыялады. Түлеевдин Атамбаев менен жанашкан сүрөтүнөн кийин “саясатта достук да, кастык да жок. Кызыкчылыктар гана бар” деген кептин чындыгына дагы бир ирет ишенгендей болдук. Антпесе, Нариман Түлеев Атамбаевдин айыгышкан душманына айланып, кол берип учурашмак тургай, дааратканада да чогуу отурбашын жарыялап жүрбөдү беле. Эми минтип, даараткана эмей эле, учакта катарлаша учуп, жанаша сүрөткө түшүп, андан кийин кол алышып учурашканын да жар салды. Сүрөт менен кошо билдирүү жазды. Анын жазганына караганда, алгач Атамбаев менен кол алышып учурушкысы келбеген экен, бирок ал өзү колун сунуп калганынан улуу адамдарга акаарат келтирбегиле деген тарбияда өскөндүктөн башын буруп кетип калууну туура эмес деп чечиптир. Андан ары бир канча убакыт мурда эле айыгышкан душмандар үч жарым саат сүйлөшүшүптүр. “Мен ага баарын айттым: саясаттагы, кадр маселесиндеги катасын, айланасындагы адамдары өлкө менен элди кантип тоногонун, башкалардын бизнестерин тартып алышканын. Ал башын ийкеп угуп отурду. Алардын жоруктары тууралуу мурда эле кабары бар беле, жокпу, биле албадым”, — деп жазган. Экс-мэрдин бул билдирүүсү соцтармактагы нааразы болгон колдонуучуларынын селфиден кийинки “саткын”, “эки жүздүү”, “кошоматчы” деген өңдүү сыпаттамаларына качыш үчүн эле жазып койгондой сезилди. Дуулдаган көпчүлүктү токтотуп, Атамбаев менен атайын ичиндеги ич күптүсүн айтып, өзүн саясаттагы катасын көзүнө сайып көрсөтүп коюш үчүн сүйлөгөн баатыр сыяктуудай таасир калтыргысы келди окшойт.

Учакта баштарын тийиштире узуп кепти улап, каткыра күлүшүп сүрөткө түшкөн эки экстин тарыхы тереңде. Качып кеткен экс-президент Курманбек Бакиевдин ордуна келгенден кийин Атамбаев анын айланасындагыларга күрөш баштаган. Ал күрөштүн алкагында Нариман Түлеев да куугунтукка кабылган. Албетте, ал коррупция беренеси менен шектелген. Бирок, өзү коррупциянын болбогонун айтып, бул бийлик тараптан саясий куугунтук экенин баса көрсөтүп келди эле. Акырында абакка камалып, үй-мүлкү да конфискацияланып, бир нече бизнесинен ажыраган. Абакта жаткан маалда атасы көз жумуп, атамбаевдик бийлик аны атасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууга да мүмкүнчүлүк берген эмес. Биринин артынан экинчи бизнеси бийликтин алкымына кирип кетип жатканда ичи ачышып кеткенде “Атамды көрүнөн сууруп, Кыргызстандан алып чыгып кетейинчи”, — деп айтканы да коомчулуктун эсинде.  Абакта жаткан кезинде Атамбаевге ырайым сурап, кечирим сурап кат да жазганы ачыкка чыккан. Бул КСДП менен Түлеевдин ортосунда акыяга да айланды. Алгач Түлеев Атамбаевдин айланасындагы адамдар кызматташууну сунуштап келип жатканын билдирип чыккан. Ага жооп катары КСДП эч кандай кызматташтык сунушталбаганын белгилеп, Түлеевдин экс-президентке кечирим сурап жазган катын да ачыкташкан. “Мени кечирип коюңуз, менден чоң кемчилик кетти!!! Ташполот атамдан ажырадым, апам төшөктө жатат. Бир кезде айттыңыз эле «иним мен да сага жардам берем деп» , ошол жардамыңызды сурап жатам байке”,- деп жазылган катта. А Түлеев каттын жасалма экенин, эч убакта мындай мааниде кат жазбаганын жооп кылган.

“Бул коррупционерди ким ээрчимек эле. Колунан эч нерсе келбейт. Эгерде болбой эле арам ойго батып, шайтан менен келишип, козголоң жасай турган болсо, мен биринчи болуп элге кошулуп сазайын берем. Мен бул арампоздон кыргыз мамлекетин автомат менен чыгып коргойм!”, — дегени кайда кетти Түлеевдин? Тескерисинче, ошол шайтанга кошулуп, эртең элге каршы чыкпайбы? Аң-таңбыз, кыскасы!

Булак: “Майдан. kg” 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу