Беттеги сепкил көбөйбөш үчүн эмне кылуу керек?

Жаз келип, күндүн жылыганы маанайды көтөрүп гана койбой, кээ бир сулууларга жагымсыз таасир берет. Анын бири – беттеги сепкилдин көбөйүп кетүүсү.

Сепкилден арылуунун бир нече жолдору бар жана анын ар кимге таасири ар түрдүү. Сепкил бетте өтө көбөйүп кетпеси үчүн алдын ала арылуу чараларын көргөнүңүз жакшы.

Ал үчүн:

— Көчөгө чыгардын алдында күндөн коргоочу максималдуу таасири бар кремдерди сүйкөп жүрүңүз;

—Бетиңиздин бир аз бөлүгүн жаап турган күндөн сактоочу көз айнек менен шляпа кийип жүрүңүз;

— Эгер күн өтө ысык болсо, күн батканча сыртка чыкпаганга аракет кылыңыз.

—Бетиңизге күндүн нурунан сактоочу кремден бөлөк тоналдык крем же болбосо упа сүйкөп жүрүңүз;

—Күнүмдүк тамак-ашыңыздын рационуна С жана РР витаминдери көп кездешкен тамактарды кошуңуз. Өзгөчө жемиш жана мөмөлөрдү көбүрөөк жегенге тырышыңыз.

Бетиңиздеги сепкилдер көбөйүп, карарып кетсе:

1) Беттин терисин агартууга арналган косметикалык каражаттар – крем, гельдерди колдонуңуз;

2)С витамини көп жемиш, өсүмдүктөрүн (лимон, кулпунай, карагат) күндө жеп туруңуз;

3)Терини агартуучу кошулмалар хрен, петрушка, бадыраң, лимон ширеси бар маскаларды жасап, бетиңизге сүйкөп жүрүңүз.

Бетиңизге маска сүйкөгөндөн кийин күндүн көзү териңизге тик түшүүсүнөн сактаныңыз. Терини агартуучу маскалардын бардыгы 2-3 жумадан кийин натыйжасын берет.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу