Бетке арналган скраб-маска…

Жашоодо сулуу болуп жүргүсү келбеген аялзаты жок чыгаар. Андай болсо акча жумшап косметолго барбай, түрдүү маскаларды албай кантип үй шартында бетибизге кам көрсөк болот? Ал үчүн сиздерге төмөндөгү өтө керемет, бетке дароо натыйжа бере турган, беттеги бырыштарды тартып жана терини жылтыратып тегиз көрсөтүүчү атайы помидор менен сода кошулуп жасалуучу масканы сунуштамакчыбыз.

Өздөрүңүздөр билгендей сода көп нерсеге пайдалуу.

1. Помидор бир тилим

2. Чай кашык сода

Помидорду майдалап сүргүчтөн өткөрүп, анын бир аш кашык же жарым кашыгын алабыз. Помидорго соданы кошуп, жакшылап аралаштырабыз.

Эскертүү! Содага аллергияңыз болсо жасабаңыз.

Андан соң даяр масканы дөңгөлөк формада кол менен массаж жасап, сүйкөйбүз. 10-15 мүнөт кармап, жылуу суу менен жууп салабыз.

Бул маска жана скраб катары да колдонсо болот.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу