Бетин табактай кылган Албек Ибраимов аялча жокпу?

29-майда Бишкектин вице-мэри Айгүл Рыскулова өз каалоосу менен арызын жазып кызматын тапшырды. Анын бул кадамы ачык айтылбаганы менен көпчүлүк эксперттер мэриянын одоно кемчиликтерине байланыштырууда. Бишкек мэриясы кандай кемчиликтерди кетирди?

Биринчиден, мэрия быйылкы жылы 9090 сомдук көчөттөрдү алып, анык коррупция гүлдөгөн мекеме экенин далилдеди.

Экинчиден, мэр Албек Ибраимов убада кылган иштердин көпчүлүгү аткарылбай эле, борбор калаанын жерлери жең ичинен сатылып кетүүдө.

Үчүнчүдөн, Бишкектеги коомдук унаалардын маселеси чечилбей, карапайым шаардыктар түйшүк тартууда. Ушуга окшогон толгон-токой кемчиликтер кетип, мэр болсо аны жоюунун үстүндө иштебей жатканы Айгүл айымды кыжырдантса керек.

Бишкектин мэри ушундай алешемдиктерге жол берип жаткандан кийин Айгүл Рыскулова эмес Албек Ибраимов кызматтан кетиши керек болчу. Бирок, ал кызмат дегенде эч нерседен уялбай, бетин табактай кылып отурат. Көрсө бул АШАнын кампачысы Албек аялча жок турбайбы.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу