«Берекет» базарындагы өрт боюнча кармалгандардын иши сотко өттү


Бишкектеги “Берекет” базарынын директору Рафкат Момункулов жана базардын техникалык коопсуздук боюнча адиси Рашит Сапаевдин иши сотко өттү. Бул туурасында Бишкек ШИИБнын басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди.
Белгилей кетсек, «Берекет» базарында 13-апрелде түн ичинде чыккан өрттөн болжол менен 2000 чарчы метр жер күйгөн. Окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 174 «Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу» жана «Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу» — беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө аты аталган эки жетекчи кармалып, камакка алынган.

Булак: Govori.TV

Аргумент.kg
Жооп калтыруу