Бердибек Жамгырчиев, акын: «Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас…»

Мындай пикирин белгилүү жаш акын Бердибек Жамгырчиев, Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момобековдун интернетте отургандарга карата айткан пикирин сындап жатып айтты.

«Уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп атам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас. Азыр интернеттин заманы, интернетке киргенге мээси жетпесе да башкалар күнөөлүүбү, сууну көп кечсе чалчык болот, сөздү көп сүйлөсө тантык болот деген ушу экен да»,-дейт жаш акын.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков, «Азаттыкка» маек куруп жатып, «Мен Атамбаевге да оогон жокмун, Жээнбековго дагы ообойм, алар мага оосун»,-деп сүйлөп жатып, интернет колдонбой турганын кошумчалап мындай деген.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу