“Белизгейтти” ойлоп тапкан Сегизбаев менен документтерди жашырган Жолдубаева жоопко тартылсын

АША Өмүрбек Текебаевди эптеп каралоо үчүн Абдил Сегизбаевдин колу менен Белизден жасалма документтерди токуп, аны биро топко чейин көбүртүп-жабырткан. Убакыт өтүп АША менен Сегизбаевдин бул документтери жасалма болуп чыкты. “Ата Мекен” партиясы Белиз өлкөсүнө атайын кат жиберип, АШАнын документин жокко чыгарган жооп кайтарткан. Дал ошол документти мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жоготуп жибергени белгилүү болду. Муну депутат Алманбет Шыкмаматов “Азаттык” үналгысына берген маегинде тастыктаган. “Тышкы иштер министрлигинен сурасак, аталган мекеме бизге расмий кат менен жооп берди. Мекеме Белизден жооп 2017-жылдын 23-октябрында келген, расмий жоопту ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаевага кол койдуруп бергенбиз деп жазган. ТИМдин катында ошол документтин номуру да көрсөтүлгөн. Башкача айтканда, Тышкы иштер министрлиги «Белизден документ келген, аны Индира айымдын колуна тапшырганбыз» деп айтты. Башкы прокуратура бир жылдан бери ал катты «катчылыкта жок» деп жатат. Демек, Индира Жолдубаева ал документти жокко чыгарган же кириштеген эмес. Эгер кириштеп, ал документти расмий каттаганда, алар анын калп экенин айтып, жооп бериши керек эле. Балким Индира Ырысбаевна Абдил Сегизбаевдин абийирин жабыш үчүн катты расмий каттабай койгон. Бирок ТИМ бизге экинчи катты жолдоп жатат. Анда жакында эле АКШдагы элчи Токтогулов (Ред: Кадыр Токтогулов) аркылуу былтыркы каттын көчүрмөсү алынганы белгиленген. Кадыр Токтогулов Белиздин элчиси менен жолугушууга нота берип, сүйлөшүп, «былтыркы документти жоготуп алганыбызга байланыштуу кайра бергиле» деп өтүнүп, экинчи көчүрмөсүн алыптыр. Аны быйыл 25-майда башкы прокуратурага расмий тапшырганын ТИМ айтып жатат”, — дейт Шыкмаматов.
Демек, Белизден келген документти И.Жолдубаева атайлап жок кылган. Индира айымдын бул кылыгы мыйзамды одоно бузуу болуп саналат. Андыктан Белизден келген документти жоготкон Индира Жолдубаева менен “Белизгейтти” токуп чыккан Абдил Сегизбаев жоопко тартылышы керек.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу