Белгилүү ырчы Токтобек Асаналиевдин уулу өзү жасаган тамеки менен ууланды

Ат-Башы районундагы оорукана 16 жаштагы уулануу менен түшкөн балага “уулу чөп
кошулган тамеки чеккендиктен келип чыккан уулануу” деп диагноз койду. Бул
туурасында Turmushка территориялык оорукананын башкы врачынын орун басары Асыл
Султанбаева билдирген.
Анын айтымында биринин арты өлүм менен аяктаган эки баланын уулануусу чөптөн
жасалган тамекини чеккендигинин натыйжасында келип чыккан.
Буга чейинTurmush 29-июнда саат 23:00 чамасында Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды
айылынан эки адамдын ууланып, алардын бири 21 жаштагы Н.К өзүнө келбей каза
болгонун, бири 16 жаштагы А.Н. реанимациялык бөлүмгө жеткирилгенин, Ат-Башылык
РИИБи экспертиза жүргүзүп жатканын жазып чыккан.
А. Султанбаева 16-жаштагы А.Н. биринчи реанимация бөлүмүнө түшүп, азыр акыбалы
жакшырып калганын билдирди. “Биз бул ууланууну колго жасалган тамекинин
кесепетинен деп ойлоп жатабыз, аны даярдап жатканда наркотикалык чөп кошулган.
Аны бизге 16 жаштагы А.Н. айтып берди” деди Султанбаева.
Мурда белгилүү болгондой, каза болгон Канат белгилүү ырчы Токтобек Асаналиевдин
жана анын биринчи жубайы Кенже Кубатованын уулу. Канат кичинекейинен комузда
ойноп, 5 жашында Турцияда өткөн эл аралык фестивалда алтын медаль утуп алган.

Булак: “Турмуш»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу