Белгилүү ырчы Назми кантип арыктагандыгы тууралуу бөлүштү

Белгилүү ырчы айым Назми Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына катип арыктагандыгы тууралуу жана ал үчүн эмне кылуу керектигин достору менен бөлүштү.

Кантип арыктадыныз деген суроонуздарга жооп берейин.

Ашыкча салмак көбүнчө биздин тамактануубуздан  жана аз кыймылдаганыбыздан көз каранды. Бул ачка жүрүш керек деген эмес, тескеринче тамактаныңыздар, бирок ашказанды чоюп аябай тойгуча эмес, ченемдүү.

1. Тамактануу алдында 200 гр суу ичип алуу керек.

2. Уктаар маалга 2-3 саат калганда кечки тамактанууө

3. Таттуу, курулган тамактардан колдон келишинче баш тартуу.

4. Ойгонор заматта 400 гр суу ичуу абзел.

Анан убактыбыз барыбыздыкы тар, бирок кичине таңкы көнүгүүлөрдү беш мүнөт болсо дагы, баш тартпастан жасап туруңуз.  Кечкисин  болсо 20-30 мүнөт таза абада баскандан ден-соолугуңузду чыңдайсыз жана ашыкча калорийлериңизди күйгүзөсүз. Ал эми спорт залга, аэробикага, йогага, бассейнге жазылып машыксаныз, андан бетер жакшы натыйжа болот ( жок дегенде 3-4 ай).

» Эртен», Биринчи кундон баштап», эмки ай башталар менен ‘ ‘ дегениңиз-өзүнүздү өзүнүз алдаганыңыз. «Бугун», Азыр» десек жеңиш биздики! Оңой эч нерсе жок, диета ар кимге ар кандай натыйжа алып келет. Арыктоо дармектери ( жакшылары, табигый ) — убактылуу кыймылсыз. Ал эми эң негизгиси кандай болбоңуз өзүңүздү жакшы көрүңүз, сыйлаңыз! Сиздей адам бул дүйнөдө-бирөө эле!  Ден -соолугуңуз, сулуулугуңуз Сизден гана көз каранды!

Деген кеңештери менен өзүнүн баракчасындагы достору менен бөлүшкөн.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу