Белгилүү  саясатчы Ахматбек Келдибеков: “Парламенттик шайлоого катышабыз”

— Бүгүнкү күндө кандай процесстер жүрүп жатканын биз да сиз да көрүп жатабыз. Бийликтин жогорку бутагында турдуңуз эски президент, жаңы президент камоодогу адамдар алардын чыгышы позицияңыз кандай?

— Эски президенттин учурунда бир топ саясатчылар жоопко тартылды. Ой-пикири үчүн мен ойлойм жоопко тартуу туура эмес деп. Себеби, алардын сүйлөгөн сөзүн жаздырып алып, экстремизм  бийликти басып алуу деген статьялар менен айыпташты. Андай аракеттерди эч ким көрсөтпөдү, митинг жасаган жок ак үйдү басып алууга аракет кылышпады. Төрт адамдын башы бириккен жерде саясат. Саясатты талкуулаганы үчүн жоопко тартылбашы керек да. Асанов, Талгарбеков, Кадыровдорду мурунку президенттин учурунда күчкө салып камашкан. Азыркы президент шайлангандан кийин саясий куугунтуктар боло элек. Саясий куугунтук мурунку президенттин учурунда  “Ата-Журт”  партиясынын  депутатынын он чактысын отургузганы куугунтук болуп эсептелет. Ал эми бүгүнкү күндө негизинен жоопко тартылып, бирок күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенин сот аныктайт. Жоопко тартылгандар СДПК партиясынан, Президент  Жээнбеков ошол партиядан чыкты. Кантип саясий куугунтук деп айтса болот? Атамбаевдан Жээнбеков айырмаланып, уурдап жеп койду, камаш керек деп өкүм чыгарган жок. Сот аныктасын,  эгерде уурдаган болсо жооп берсин, уурдабаса акыйкат чечим чыгарсын деп жатат. Ошол эле партия бир мезгилде алты жылдык башкаруу партиясы болуп, бийликтин токсон пайызы ошол СДПКдан чыккандар бийлеп турган.  Кетирген кемчилдиктери ошол партиядан чыкса дагы “Мен эл атасымын, баардыгына тегиз карайм”-деп ишти алып барып жатат. Экономика боюнча жылыштарды жасашыбыз керек, реформа жүргүзүшүбүз керек. Өткөн мезгилде кадр тандоо маселеси эң төмөнгө түшкөн. Өмүрүндө мамлекеттик кызматта, министрликте иштебегендерди министрликке алып келгендигинин кесепети азыркыга чейин тийип жатат. Министр кылыш үчүн көптөгөн  этаптардан өтүп, тарбия алыш керек. Ошол системада, министрликте иштеш керек. Атамбаев болсо жан сакчыларын, шоопурларын,  жардамчыларын өзүнүн тегерегиндегилерин бийлик бутактарына алып келип дайындап койгон.

— Бүгүнкү күндөгү акыбалыңыз, ой-пикириңиз жана аткарып жаткан иштериңиз?

— Кылам десең иш толтура, жалкоого иш табылбайт. Азыркы күндө ар кандай чарбалык ишкердик менен алекмин. Андан сырткары илимий иштер менен улантуудамын. Кандидаттык ишимди жазганыма 10 жылдан ашты.  Азыр экономика илимдеринин докторлук ишимди жазып атам. 10 жылдан бери жазып даярдап атам, убагы келгенде жактайм. Даяр сатып алсам 2 жылда бүтмөкмүн.

— Коомчулуктагы эски-жаңы жетекчилердин карама-каршылыгы ар түрдүү ой-пикирлерди жаратып атат. Бир депутат элдешкиле деген пикирин айтты. Кандай тилегиңиз бар?

— Мамлекетте тынчылык болсо элибизде тынчылык болуп, жакшы саясий чөйрө түзүлсө инвесторлор дагы келет. Ички инвесторлор үчүн дагы жакшы болот. Кээ бир бузукулар жаман жагын болбогон сөздөрдү, ушактарды жазып аракет кылып атат. Айтып атпайбы өзүлөрү Кудай бар деп, аларга дагы Кудай бар. Мен ойлойм мамлекетти 6 жыл башкарды жаманбы, жакшыбы баасын эл берет. Эл тараза. Баасын алат. Кызматын өткөзүп бергенден кийин аралашпаш керек, эгерде жардам бергиси келсе жакшы сөзүн, акыл-кеңешин айтсын. Аралашып, жең ичинен жаман сөздөрдү айтып аракет кылган бул жакшылыкка алып келбейт.

— Экөөнө эмне сунуш кыласыз?

— Жаңы президентке ийгилик каалайм. Өзү айткандай түз, таза реформаларды жасай берсе эл баасын берет. Кеткен президентке айтаарым, Кудайга тобоо деп жашаш керек. Небересин, бала-чакасын карап Кудайга тобоо келтириши керек.

— Ахматбек Келдибекович, сизди эмнегедир коррупционерлердин тизмесине киргизишет.

— Биринчиден мен коррупция деген берене менен соттолгон эмесмин. Мени кызматтан кыянаттык менен пайдаланды деген берене менен соттошкон. Экинчи салык комитетиндеги иштер боюнча дагы 5 миллионго жыгышты. Ал жерде июнь айына салыштырмалуу июль-август айында 2,3 млн. сом аз түшүп калды деп мени соттошту. Уктуңуз беле ушундайды?

— Эмне кылып таасир эттиңиз? Түшүп келаткан акчаны төрага алып алган экен деп түшүнүп калса болот да.  

— Жок. Бир тыйын эч ким жеген жок. Мен айтып атам эгерде мындай кылсаңар сентябрь-октябрь айында 180 пайызга вид салык патент боюнча дордойдо иштеген, сентябрь-октябрь айында 180 пайызга аткарылып атат. Январь айында 60 пайызга аткарылды, планга түштү. 100 эмес, 60 пайыз. Себеп дегенде минтип салыштырганга болбойт. Жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн жылга салыштырмалуу 135 пайыз өсүш берди. Булардын шылтоосу ушул, шылтоо табыш керек эле.

— Москвадагы өкүлчүлүк боюнча ири суммадагы акчага мамлекет чыгым тартты деген айыптоолор болбоду беле? Чоң имараттарды кымбат жерден ижарага алган. Бир канча тааныш үй-бүлөөлөр 90000 рублга чейинки айлыктарды алып турган деп.  

— Макул. Кимди ошол боюнча жоопко тартты жана ким ошол мамлекетке зыян келтирген деп күнөө койду?

— Ошол убактагы прокурор. 

— Эмне деп күнөөгө тартты? Көрдүңбү сен билбейсиң. Жогорку Кенеште 83 депутат кабыл алган мыйзамды жокко чыгарып, жалгыз мени соттошту. Спикерде бир эле добуш бар. Бирок мыйзам боюнча депутаттын сунушу, айткан сөзү боюнча эч ким кылмыш жазага тартканга укугу жок. Москвадагы өкүлчүлүк боюнча бир тыйын бирөө жеген эч ким жок. Депутаттык комиссия түзүлүп, мен камалгандан кийин бул конституционный орган күнөөсү жок деп чыгарса да карашкан жок.

Саясат болуптур да? 

— Бул саясат. 67 депутат келип көрсөтмө берди. Мен түрмөдө отурганда убактылуу депутаттык комиссия түзүлүп жыйынтыгын алып чыкты, парламент бекитти. Эч кандай күнөөсү жок, мыйзам бузуу болбогонун айтышкан. Бул конституционный орган. Депутаттык комиссиясынын чыгарган жыйынтыктын бардыгын аткарганга милдеттүү, бирок бирөө карап койгон жок. Эсеп палатанын токтому турат эч кандай бир тыйын нарушение жок деп, аны эч ким караган жок. Мени күнөөлөп Москвадагы ЖКнын өкүлчүлүгү туура эмес ачылган  деп күнөө койду. Эмне себептен туура эмес ачылышы мүмкүн? Биз бул токтомду мыйзамдын негизинде  30-декабрда кабыл алдык. Андан соң кийинки жылдын бюджети июнда бекитилди мыйзам менен. Республикалык бюджеттен кабыл алып , ага  өзүнчө  дагы мыйзам  кабыл алынган. 16 миллион сом каралды. 4 адамдан турган штатын бир жылга биз бекиттик. Анын айлыгын квартплатасынын бардыгын финансы министрлиги смета менен бекитип берет. Ошол боюнча алар иш алып барды, ошонун негизинде бухгалтер келип иш кылат. Аны төрага, карабайт да. Россия Федерациясында  көптөгөн өлкөлөрдүн өкүлчүлүктөрү бар, а эмнеге бизге ачканга болбойт. Биз өзүбүздүн парламенттик башкаруу системасына өткөндөн кийин өзүбүздүн өкүлчүлүктү ачтык. Ким ага жок ачканга болбойт деп айтканга укугу бар? Эч кимдин укугу жок. Биз ачтык токтом менен кабыл алдык. Ал боюнча бюджетке кирди, бюджеттин аткарылышы боюнча отчет берди. Атамбаев  өзү  да кол койгон, ошон үчүн бул жерде эч кандай мыйзам бузулган эмес.

— Сиз азыр Атамбаевди сотко берип атасызбы ушул боюнча? 

— Атамбаевдин кечээки ууру, коррупционер деп айтканы үчүн сотко берип атам. Далилдеп берсин.

— Сиз бидин “ARGUMENT.KG” сайтыбызды сотко бердиңиз. Макала сиз күнөөсүн мойнуна алып мамлекетке 10 млн сом төлөп берди деп жазылган.  Бирок сиз ошол эле кезде бийликке  10 млн сом төлөгүңүздү танасызбы?

— Мисалы мына сен айтып атасың күнөөм жок маалымат “Телеграм” сайтынан келди деп. Эгерде сот күнөөлүү деп таап 1 млн. сомго Жогорку Соттон чечим чыгарып койсо төлөйсүңбү же төлөбөйсүңбү? Жогорку Соттон чечим чыккандан кийин убагында төлөбөсөң иш козгоп, камаганга укуктуу. Анткени мыйзамда каралган. Мен анан эмне кылышым керек эле Атамбаев соттордун бардыгын текшерип отурса. Менин эч кандай аргам калган эмес төлөбөгөнгө.  Жогорку Соттун  чыгарган чечимин  эгер аткарбай, айыпты  төлөбөсө мамлекет  алып барып камаганга укугу бар. Бул мыйзамда каралган. Мына эми Кудай буюрса азыр сот системасы ачык-айкын мыйзамдуу иштейт деген үмүтүм бар, себеби азыркы президент ушундай талаптарды койду. Мен учуру келгенде сотко берем. Жаңы ачылган жагдай болобу ушунун бардыгы эске алынган жок деп туруп. Дагы бир жолу айтам “коррупция” деген берене менен соттолгон эмесмин. Бул биринчи, экинчиден кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деген берене менен мисалы сен жетекчи болуп отурсаң бир жерде турган табуретканы башка жерге жылдырып койсоң сен эмнеге жылдырасың деп соттогонго укугу бар.

— Шайлоо жакындап калды. Келечектеги пландарыңыз кандай?

— “Ата-Журт” партиясы азыр өзүнчө “Республика” партиясынан бөлүнүп чыкканбыз. Башка партиялар сыяктуу саясий ишибизди алып барып атабыз. Кудай буюрса 2020-жылы шайлоого катышабыз деген оюубуз бар. Кудай колдосун! Шайлоо кодекси татаалыраак. Кайсы саясий күчтөр менен саясий партиялар менен биригебиз аны убакыт көрсөтөт. Саясатчы катары Ташиев да мен дагы катышабыз.

— Маегиңизге рахмат, ишиңизге ийгилик!

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу