Белгилүү сатирик Рахман Разыков Сооронбай Жээнбековго арнап ыр жазды.

КР маданиятына Эмгек сиңирген ишмер, акын-сатирик Рахман Раззыков Кыргызстандагы учурдагы саясый кырдаалга сарасеп салып, саясаттагы өзгөрүүлөрдү колдоп, биринчи жолу бийликке жакшы сөзүн айтты. Белгилүү сатирик, КР президенти Сооронбай Жээнбековго атап ыр жазганын NazarNews.kg агенттигине билдирди.

—Эгер бийлик, туура бийлик жүргүзсө мен деле жакшы сөз айта аламын”, — дейт Рахман Разыков.

Төмөндө, Рахман Разыковдун президентке жазган «Сооронбай Жээнбековго: Атамбаев “балп” этти, өчкөн үмүт жарк этти», деген аталыштагы ыры толугу менен.

 

Туура сөзүн айтты Ажо аныктап,

Достук үчүн чөгөлөтпөй Мекенин.

Талап койду кызматтарга табыштап,

Эл мүдөөсү достон бийик экенин.

 

Туура бийде тууган жок деп бабалар,

Келбедикпи кылымдарды карытып.

Ажо сөзү ошол сөзгө барабар,

Келечекке жол көрсөткөн жарытып.

 

Өчкөн үмүт күндөй болуп жарк этип,

Чоң ишеним эл ичинде жаратты.

Өткөн Ажо сүйлөгөндөй «балп» этип,

Кайталабай жан кейиткен сабакты.

 

Эл ишенди, Сизге бүгүн ишендик,

Көтөрөт деп айыл-кыштак чөлкөмдү.

Үзүп салып байлап турган кишенди,

Туңгуюктан алып чыкчы өлкөмдү!

 

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу