Белгилүү пародист, ырчы Мерген Турган: «Азыркылардын модасыбы же кандай билбейм, айтор тортту колума алар замат аны бетиме чапташты.»

Бүгүн белгилүү шоумен, пародист жана ырчы Мерген Турган 49 жашка толду. SUPER.KGпорталы аны куттуктоо үчүн байланышканда, ырчы өз сезимдери менен бөлүштү.

“Быйыл 49 жашка чыгып, “40” деген санды узатып жатканыма бир аз капаланып турам. Ошентсе да жубайым менен балдарым маанайымды көтөрүүгө жакшы эле аракет кылышууда. Түнкү саат 12де башыма “туулган күнүң менен” деген жазуусу бар шапке кийгизишип, колума торт карматышты. Азыркылардын модасыбы же кандай билбейм, айтор тортту колума алар замат аны бетиме чаптап шаң тартуулашты. Ал эми туугандарым, жакындарым жана күйөрмандарым телефондон, социалдык тармактардан куттуктап, аябай сүйүнтүшүүдө. Бул күнгө өзгөчө даярдык көргөн жокмун, үйдө эле келинимдин колунан чай ичип өткөрөм го. Кечке жуук досторум куттуктап келип калышы мүмкүн”, — дейт ырчы.

Мерген Турган 1968-жылы 25-июлда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Арашан жайлоосунда туулган. Ал ырчы катары “Ак бантик” ыры менен белгилүү болсо, пародия жаатында “Дыңкы жеңенин” образы менен атагы чыккан.

Булак: Супер.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу