Жайкы Азия оюндары: Грек-рим күрөшү боюнча мелдешке катыша турган кыргыз балбандары белгилүү болду

Индонезияда өтө турган Жайкы Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча кыргыз курамасынын курамы белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын спорттук күрөш федерациясынан билдирди.

18-августтан 2-сентябрга чейин өтө турган Жайкы Азия оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн 6 балбан катышат. Алардын арасында Каныбек ЖолчубековАкжол МахмудовСамат Шырдаков жана башка белгилүү балбандар бар.

Кыргыз курама командасынын тизмеси:

60 килограммга чейинки салмак ченинде: Каныбек Жолчубеков;

67 килограммга чейинки салмак ченинде: Амантур Исмаилов;

77 килограммга чейинки салмак ченинде: Акжол Махмудов;

87 килограммга чейинки салмак ченинде: Самат Шырдаков;

97 килограммга чейинки салмак ченинде: Үзүр Жусупбеков;

130 килограммга чейинки салмак ченинде: Мурат Рамонов;

Башкы машыктыруучу: Азат Эркимбаев.

Булак: Super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу