Белгилүү миллиардер бардык акцияларын сатты

Дүйнөдөгү эң бай беш адамдын бири Уоррен Баффетт ээлигиндеги “Berkshire Hathaway” компаниясы, “General Electric” көп тармактуу корпорациясындагы бардык акцияларын колдон чыгарды. Бул ишканалар болжол менен 10.6 миллион акцияга ээ болчу.

“Business Insider” маалымат порталындагы кабарларга караганда америкалык миллиардер Уоррен Баффеттин “Berkshire Hathaway” компаниясы өлкөдө эң ири электр тогун таркаткан “General Electric” корпорациясына акцияларын сатты. “General Electric” корпорациясынын акцияларында бул жылы 20 пайыздык төмөндөөлөр байкалган.

Булак: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу