Белгилүү журналист, акын Кудрет Тайчабаров: Бабановду айга-күнгө теңеген кошоматчылар! Кыргызстандагы эң бюрократ, элден алыс саясатчы Бабанов экенин билесиңерби?

Кыргызстандагы эң бюрократ, элден алыс саясатчы Бабанов экенин билесиңерби? Даже журналисттер Бабановго жолугуп интервью ала алышпайт. Эгер ал интервью Бабановго керектүү болсо өзү таптырат. Башка учурда чекесинен сылай турган суроо берилбешин билет да. Гансиге ГСМ ташып бюджетке бир тыйын төлөбөй жүз миллион долларды тапкан иш боюнча, же болбосо парага келген ат, же болбосо Россияга салынган завод, Казакстандын паспорту жөнүндө, 7 пайыздык убада кылынган кредит жөнүндө сураса өлдү да… Ошого журналисттер жолугам десе жолукпайт.
Аны андай коелу, фейсбуктун колдонуучулары «жылдын мыкты саясатчысы» деп добуш берип (азыркы айга-күнгө теңегендер берген да), ошол элдик наамды келип алып кетиңиз салтанаттуу түрдө десек келбей койгон. Ага караганда Текебаев, Боронов, Самаков, Зулпукаров түзүк. Келип эл менен аралашып отуруп кетишкен. Темирбек Асанбеков атайын Москвадан келген. Ошондо Бабановго эл шайлоодо гана керек экенин түшүнгөнмүн. Болбосо, аны эл мыкты деп тапкан үчүн чакырганбыз. Анан эле трактор минип, дыйкан боло калса элге жакын дей баштайсыңар…
Кокус президент болуп калса таптакыр эле живой көрбөй видео кайрылууларын көрө баштайбыз бул темп менен. 3-4 күн мурда белгилүү журналист Семетей Талас Уулу жээнинин маселеси боюнча Бабановго кайрылуу жазса көрбөгөндөй, укпагандай мамиле жасашты Бабановдун тегерегиндегилер. А андан мурун дагы бир журналист Бабановду өтө катуу сындап жазган экен дароо байланышып материалын алдыртканга жетишишкен.
Туура, бул шайлоодо акчасы көп Бабанов президент болуп калуусунун ыктымалдуулугу эң жогору. Шайлоодо сатылган кыргыз эли шайтан болсо да пулун алып шайлай берет. Ошол себептен мен Бабанов президент болоорун билип турсам деле сындап атам жана сындай берем. Анткени, чындык мен тарапта… Бабанов элден алыс саясатчы жана ал Мирлан Алыкуловдун президенти!

Белгилүү журналист, акын Кудрет Тайчабаров өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына  Бабанов тууралуу пост жазып калтырган.  Макаланын алдына 200дөн ашык интернет колдонуучулар лайк басып, нааразычылык  комментарийлер менен коштолгон! 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу