Белгилүү «Буй-буй» ырын өзбек ырчылары автордун уруксаты жок ырдашканына Бактияр Токторов нааразы эмес

Ырчы Бактияр Токторовдун «Буй-буй» ырын Фарход жана Ширин аттуу өзбек ырчылары ырдап чыгышты. Алар чыгарманы «Калбим сендадир» (Жүрөгүм сага таандык) деп аташкан. Видео интернетке RizaNovaUZ аталыштагы YouTube каналы тарабынан июлдун аягында жүктөлүп, азыркыга чейин 47 миңге жакын көрүү топтой алган.

«Жакшы чыгарма болуптур. Кыргыз ырчылары мурда чет элдик аткаруучулардын обондоруна ыр чыгарсак, азыр биздикин ырдап жатышат. Бул жетишкендик. Ырчылар уруксат сурашкан эмес, бирок мен аларга нааразы эмесмин. Мени кыргыздар таппай жатышса, өзбектер кайдан табат?», — дейт күлүп ырчы.

Булак: Супер.кж 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу