Белгилүү бийчи Жан Воинов ырчы Айыма Айылчиева менен мамилеси болгонбу айтып берди

Өзүнүн таланты менен көпчүлүктү багындырган жаш бийчи Жан Воинов бир нече америкалык тасмалардын хореаграфиясын коюп, кыргыз кинолоруна тартылып чыгармачылыгында жаңы бийиктиктерди багынтууда. Ошондой эле жаңы муунду тарбиялоодо өзүнүн салымын кошуп бий академиясында жаш бийчилерди да тарбиялап келет. Ал жакында ask.fm’денкүйөрмандарынын суроолоруна жооп берип жатып, ырчы жана аткаруучу Айым Айылчиева менен мамилеси болгонбу, аны жактырабы бул суроолорго дагы токтоло кетти.

Анда эмесе кызыктуу делген суроолорду чогултуп койдук

1. Сүйлөшкөн кызың барбы?

Жан Воинов: жок

2. Америкага кайра качан  кайтасың?

Жан Воинов: күздө

3. Жүрөгүнө жаккан адамың барбы?

Жан Воинов: ооба

4. Сизге кымбат  болгон нерсе?

Жан Воинов: үй-бүлөм

5. Эмне үчүн Instagram’дан видеолоруңузду жана сүрөттөрүңүздү  өчүрүп салдыңыз?

Жан Воинов: сүрөттөрдү өчүргөн эмесмин, ал эми видеолор аябай көбөйүп кеткендиктен өчүрүүгө мажбур болгом.

6. Айыманы жактырасызбы?

Жан Воинов: жок, биздин ортобузда дайыма достук мамиле гана болчу

7. Өзүңдөн улуу кыздар менен сүйлөшөт белең?

Жан Воинов: ооба, мага дайыма өзүмдөн улууар жакчу.

8. Сени абдан кызганчаак деп айтышат, бул чынбы?

Жан Воинов: Ким айтып жатат?

9. Сени шыктандырып, сага жаккан китептер жана тасмалар

Жан Воинов: китептер  — 1) Джон Баккен «39 ступеней» 2) Достоевский «Преступление и Накзание». Тасмалар — 1) «Зеленая миля», «Поймай меня если сможешь».

10. Бир нерсеге өкүнөсүзбү?

Жан Воинов: жок

11.Сага кандай кыздар жагат? Идеалыңды сүрөттөп берчи

Жан Воинов: Менин идеалым жок. Бирок акылдуу анан дароо таасир калтыра турган кыздар жагат. Күчтүү жана тарбиясы жакшы кыздарды баалайм.

12. Кыргызча билесиңби?

Жан Воинов: жакшы билбейм

Булак: sakal.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу