Белгилүү актёр Марат Козукеев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, актёр Марат Козукеев  кант диабетинен жабыркап мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Мындай маалыматты актёрдун кесиптештери тастыктады.

Ал эмгек жолун Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында актёр, режиссёр жана көркөм жетекчи болуп улантып келе жаткан. Кыргыз киносунда дагы бир катар элдин эсинде кала турган ролдор менен таанымал.

Марат Козукеев 1970-жылы 8-сентябрда, Бишкек шаарында, чыгармачыл үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Атасы Жумабек Козукеев Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында актёр, режиссёр болуп эмгектенген. Ал эми апасы Кандалат Муратова режиссёрдун жардамчысы болуп пенсияга чыкканча аталган театрда иштеген. Таланттуу үй-бүлөгө тамашоучу Эмил Эсеналиев күйөө бала болгон. Актёрдун артында 2 кызы, 1 уулу жана жубайы калды.

Маркумдун жакындарына, үй-бүлөсүнө жана кесиптештерине редакциябыздын атынан  терең кайгыруу менен көңүл айтабыз

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу