Белгилүүлөрдүн сүрөтүн дал өзүндөй тарткан 10 жаштагы Альбинанын таланты (фото)

10 жаштагы Альбина Жолдошева белгилүүлөрдүн сүрөтүн калем менен тартууну адат кылып алган. Альбина 2 жашынан тарта калем кармап, сүрөт тартууга кызыкканын айтышат.
Ошондой эле, бий менен алектенип, сынактарга катышып келет. Ал учурда Бишкек шаарындагы №65 мектептин окуучусу.

«Сулуу адамдарды көрсөм сүрөт тарткым келет. Мурда мультфильмдерге кызыкчумун, азыр чоң адамдарды, белгилүү жылдыздарды, сулуу адамдарды сүрөткө тарткым келет», — дейт жаш талант.
Альбинанын апасы Назгүлайым кызынын талантын колдоп, шарт түзүүгө аракет кылат.
«Бир ирет конокко барып, ал жактан ырчы Самара Каримованын сүрөтүн көрүп калдык. Альбина калем менен бат эле анын сүрөтүн тартып койду. Туугандар ошондон тарта кызымдын талантын баалашат. Ал эми, «Даңазалуу доор» тасмасындагы актер Бурак Озчивитти тасмадан көрүп калып, сүрөтүн сатып келип тарткан. Сүрөтчүлүккө кызыгуусу күч. Менин ата-энем да, мен да сүрөттү жакшы тартабыз. Кызымдын атасы да сүрөтчүлөр мектебин аяктаган», — деди Назгүл айым.
Альбина келечекте 3 кесиптин ээси болууну каалайт.
«Улуттук бий курсуна барганды жакшы көрөм. Ал жактан сынактарга катышып, грамоталарды медалдарды алгам. Бий курсу менен мектептеги сабактан кийин жетишпегендиктен сүрөтчүлөр мектебине бара элекмин. Эми сүрөтчүлөрдүн мектебине баргым келет. Келечекте бөбөктөрдү дарылаган дарыгер болууну каалайм», — деди Альбина.

Жаш сүрөтчү тарткан сүрөттөр өзү окуган мектепте да илинип турат.

Булак: turmush.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу