Беларус медиасы Даниил Урицкий — Данияр Үсөновдун жаңы сүрөттөрүн жарыялады

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, издөөдөгү Данияр Үсөновго койондой окшош кишинин жаңы сүрөттөрү Беларустун “TUT.BU” интернет басылмасында 27-июлда жарыяланды.

Сүрөттөр “Беларус улуттук биотехнология корпорациясы” (БНБК) жабык акционердик коомуна караштуу өндүрүш жайларынын курулушун расмий баштоо аземи учурунда тартылган.

“БНБКнын жетекчисинин гана өмүр баяны анык эмес бойдон калууда. Кыргызстанда болсо «Беларуста бизнес жүргүзгөн Даниил Урицкий – өлкөнүн мурдагы премьер-министри Данияр Үсөнов» деп билдиришүүдө. Иш-чаранын уюштуруучулары директор (Урицкий) журналисттерге комментарий бербей турганын айтышты. Компаниянын кызматкерлери өз жетекчисин Даниил Тимурович Урицкий деп гана билээрин айтышууда”, — деп “TUT.BU” интернет басылмасы 27-июлда жазып чыкты.

Даниил Урицкий — Данияр Үсөнов (солдон үчүнчү) “Беларус улуттук биотехнология корпорациясына» (БНБК) тиешелүү курулушту расмий баштоо аземинде. Сүрөт булагы: “TUT.BU” интернет басылмасы. 27.7.18.

«Өзүн Даниил Урицкий деп атаган адам” деген жазуусу бар сүрөттү 27-июлда “naviny.by” интернет басылмасы да жарыялады. “Беларус ишкериби же Кыргызстандын качкын премьериби?”, — деген макалада басылма алардын кабарчысы Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысына окшош адам менен маектеше алганын белгилейт.

Мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов Беларуста Даниил Урицкий деген ысым менен жашап жатканы тууралуу маалыматтар беларус медиасында алгач былтыр декабрь айында пайда болгон эле.

Мындан кийин “Айкөл Ала-Тоо” кыймылынын активисттери Беларустун Бишкектеги элчилигинин алдында нааразылык акциясын өткөрүп, Үсөнов -Урицкийдин Кыргызстанга өткөрүлүп берилишин талап кылышкан.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын жарандыгынан расмий баш тарткандар арасында мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун ысымы жоктугун кабарлаган.

Данияр Үсөнов Кыргызстанда 2010-жылдын апрелиндеги элдик ыңкылаптын катышуучуларына каршы кылмыштары үчүн айыпталып, сыртынан өмүр бою абак жазасына кесилген.

Кыргызстандан чыгып кеткенден бери Үсөновдун сүрөтү эч бир жерде көзгө чалдыккан эмес.

Булак: «Азаттык»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу