Бек Борбиев: «Сайкал, башты жерге салбай бийик карма, биз жаныңдабыз…»

Чамасы, эки ажырымда турган түгөйлөр  биздеги катталуучулар  билбейт дедиби, айтор өздөрүнүн «инстаграм»  баракчасына жан дүйнөсүндөгү болуп жаткан, бири-бирине айта албаган сезимдерин билдирип жаткандай. Анда, теле алып баруучу Максат Довранов, «Сөз бергенден кийин аткарыш керек болчу, бирөөнүн тагдыры менен ойношпой»-деген сыяктуу билдирүү калтырса, ырчы Сайкал, «Теңелбеймин…Теңелгим да жок! Аллахка шүгүр. Эркектин эркектей болгону жакшы»- деп хештегдер аркылуу билдирүү калтырган. Сайкал Садыбакасованын билдирүүсүнөн улам, кыргыздын легендарлуу, атактуу ырчысы Бек Борбиев төмөндөгүдөй пикирин калтырган, «Сени колубузга көтөрүп, эркелетип чоңойтконбуз. Эми дагы жардам керек болсо даярбыз. Турмушта өйдө-ылдый  болот, көч бара-бара түздөлөт. Башты жерге салбай бийик карма, биз жаныңдабыз»-дейт ырчы мырза.   Бирок,  тилекке каршы,  бул билдирүүлөрдү азыркы тапта көрүүгө болбойт, алып баруучу Максат Довранов  да, ырчы Сайкал да өздүк баракчаларынан  өчүрүшкөн.

БУЛАК:argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу