Бек Борбиев: “Президентке бардык тараптан колдоо көрсөтөлү…”

КРнын эмгек сиңирген ырчысы Бек Борбиев интернеттеги жеке баракчасына президент Сооронбай Жээнбековду колдоп жазды.

“Сооронбай Жээнбеков — коррупция менен курөшүп жатат! Президентке бардык тараптан колдоо көрсөтөлү Анын орусча жаңылып сүйлөгөнүн тим эле — чоң минус катары көрүп, тескери пияр жасаганга аракет кылгандарга таң каласың. Орусча эмес кыргызча сүйлөй албагандан уялыш керек, кыргыз болуп туруп кыргызча чала сүйлөө — мына ошол чоң минус.
Кудайга шүгүр дейли, сүйлөйт десе эле ойгелди сүйлөй берген, тилине алы жетпеген Ажону деле көрдүк го.
Ооба көч бара-бара түзөлөт, кыла элек көп иштери бар.
Түндүк- түштүк маселеси кыргызды акыры жок кыла турган оору. Мына ушул ооруну азыркы президенттин оппоненттери колдоно башташты. Кыйытып интервьюлардан уялбай эле айта башташты. Албетте, алар кылган кылмыштары үчүн жооп бере турган күн жакындап келатканын сезишип, чыйпылыктай башташты. Баардык нерсеге барышы мүмкүн.
Менин жеке пикирим боюнча, азыркы Ажобуздун жанында күчтүү түндүктүк саясий лидер керек болуп тургандай. Эгер чындап эл үчүн иштешсе, кийинки шайлоолордо тандем кылып, эл алдына келишсе, эл шайлап берет эле деп ойлойм. Путин менен Медведев экөөнү орустар шайлап келишет, анткени эл алардан башка бирөөлөргө өз өлкөсүнүн тагдырын ишенишпейт. Бизде дагы ошондой күчтүү тандем түзүлсө, жалпы элге жакшы болот эле”,- дейт ырчы.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу