Бек Борбиев: “Пилге кандек үргөндөй иш кылып албайлы…”

КРнын эмгек сиңирген ырчысы Бек Борбиев фейсбук баракчасына кытайлардын Кыргызстанга келиши боюнча төмөндөгүдөй пикирин калтырды:

“Акылга келгиле достор, кытайда 200 000 ден ашык кыргыз жашайт. Артык кылам деп тыртык кылып албагыла. Ал жактагы бир туугандарыбызга антип жардам бере албайбыз, тескерисинче, аларды азыркы көрүп аткан күнүнөн дагы калас күндү кытайлар көрсөтүп коюшат. Кытай дүйнөдөгү күчтүү Америка, Россия, дегеле евроөлкөлөрдү, эч кимди тоготпойт. Мындайча айтканда «пилге кандек үргөндөй» иш кылып албайлы. Бул маселелер Президенттик деңгээлде, Тышкы иштер мининстирлиги аркылуу, дипломатиялык жол менен чечилиш керек.Сабыр кылгыла…”

Акыркы кездерде ырчы Бек Борбиев саясый жана коомдо болуп жаткан окуялар тууралуу ар кандай постторду жазууда, анын күйөрмандары, көпчүлүк ага ар кандай пикир калтырууда.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу