Бек Борбиев: «Оозу менен суу бүркүп аткан менмин…»

КРнын эмгек сиңирген ырчысы Бек Борбиев да башкалардан кем калышпай жашоосундагы жагымдуу мезгилди эскерип, интернет баракчасын жаңылап турат.

Кечээ фейсбуктагы баракчасына архивдеги үй-бүлөлүк сүрөтүн жүктөп:

“Үй-бүлөлүк архив. Атамды эскерип… Эжемди, карындашымды эстеп… Убакыт ордунда турбайт экен… жаткан жерлери жайлуу болсун. Арабызда мени тарбиялап өстүргөн чоң апамда олтурат. Ар дайым жүрөгүмдөсүңөр. Оозу менен суу бүркүп аткан менмин”,- деп жазды.

Ырчынын буга чейин чоң апасы менен түшкөн сүрөттөрүн да койгону бар. Борбиевдин жазган постторуна ар дайым жалаң гана жылуу пикирлер жазылат.

Эскерте кетсек, Бек Борбиев ар кандай кайрымдуулук иштерге активдүү катышып турат. Эмнегедир ал коомдук телеканалдарга чыкпаганын күйөрмандары да жазып келет, анын жаңы чыккан ар бир ыры коомчулукта жылуу кабыл алынат.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу