Бек Борбиев: “Мэрликке талапкер Азиз Суракматов сулуу эмес экен дейт бирөө, эмне жамалын чайга чылап ичесиӊерби?..”

Калаа башчысына талапкерлер тууралуу интернеттеги социалдык байланыш тармактарында активдүү талкуулар жүрүп жатат. Негизги талкуу көпчүлүк коалиция сунуштаган талапкер Азиз Суракматовдун айланасында гана болууда.

Белгилүү ырчы Бек Борбиев дагы талапкер тууралуу мындайча оюн жазып жарыялады: “Мэрликке талапкердин өмүр баянын, баскан жолун карап көрүп, татыктуу деп калдым. Шаар башчы — чарбачыл болуш керек. Сталин айткандай «кадры решают все». Керек болсо ушул бийлик, өкмөт, президенттин дагы тагдырын ошол өздөрү коюп жаткан кадрлары чечет. Жакшы иштесе жакшы, жаман болсо элге жаман көрсөтүп турушкан ошолор болот.

Социалдык байланыш тармактарында Азиз Суракматов тууралуу бирөө, “кебетеси суук, сулуу эмес экен”,-деп жазыптыр. Кебетесин бышырып жейсиӊби замандаш, иштеп бергени керек эмеспи. Кээ бирөө жазат, мэрди жалпы шаардык тургундар шайлаш керек деп. Анда неге конституция өзгөрүлүп, референдумдар болгондо, ошондой добуш бересиздер. Эмнеге «оорулуу», оозуна кара ит кирип, көк ит чыккан тантык президент тандап аласыздар.

Эгер жалпы шаардык тургундар добуш берип шайласа, анда баягы парламенттик шайлоого окшомокпуз. 1000-2000 сомдон добуш сатып, бир байды шайламакпыз. Менимче ушинтип өздөрү койгону оӊ. Анткени мэрди кою менен алар жоопкерчиликти дагы алып жатышат”,-дейт Бек Борбиев.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу