Бек Борбиев: Кылыч «ориентация» көк түстө турбайбы.. Сыя коротуп пост жазып коем дагы

Кылыч Султандын саяий шоусу көпчүлүктү сүйлөтүүгө аргасыз кылат. Алсак Бек Борбиев өзүнүн пикирин төмөнкүдөй калтырган:

“Башка мамлекеттен саясий башпаанек алыш үчүн, өлкөдөгү бийлик менен аёсуз күрөшкөн оппозиционер болушуң керек! Кантип чындык үчүн күрөшкөн оппозиционер болуп көрүнөм деп, бирөө жакындан бери «шоу» көрсөтүп жатат.. Кылыч Султан деген азаматыбыз, Садыр Жапаровдун түрмөдө отурганын кечээ билип, анын эркиндике чыгуусун дароо талап кылды. Клоун болбосон коё кал! Атамбаев, Садырды камап жатканда неге унчукпай турдуң?..Түрмөдө бычактап чала жан кылып койгондо неге бир сөз айткан жоксуң..? Өзүң айтпасан да,гезитиң аркылуу бир сөз айтып койсоң, азыркы кылып аткан «цирк» окшошот беле дейм да..

Атамбаевдин кадр саясаты канчалык «оорулуу» болгонун, ушул окуя далилдеди. Кылыч Султандын акыркы сүйлөгөн сөздөрү, кылган иштери, жазган посттору психика жактан адекваттуу эмес, аябай эле өнүккөн (отклонениясы) бар адам экени даана байкалып турат. Эл аралык денгээлде Кыргызстанды уят кылды. Көп сөз айтканда не, баарын көрүп турасыздар!
Оорулуу бийликтин заманы өттү деген жакшы тилектер менен жашай берели достор!

Ал эми Кылыч, канча жылдан бери Малайзияга акчаларын алып чыгып, чыкыйтып бизнестерин куруп даярдап коюптур, баарибир кетмек экен. Бир гана ал жактын жарандыгы керек болчу тура. Ошол жарандык учун кылган шоуларын ийгиликтуу аяктап, ой максатына жетип ал!

P. S. Кылыч, бул жактагы «шефиңди» дагы чакырып алсан, өлкө тазара түшөт эле.

Дагы бир аздан кийин жазган постунда жазган пикир көпчүлүктү күлкүгө салды: «Ориентация» көк түстө турбайбы.. Эми баары түшүнүктүү. Сыя коротуп пост жазып коем дагы,- дейт Бек Борбиев.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу