Бек Борбиев: “Ишиң эмне деп койсок, уят болуп каласыңар…”

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ырчысы, обончу жана аткаруучу Бек Борбиев да интернеттеги жеке баракчасына ар кандай саясый өңүттөгү постторду жазып турат.

Ал кечээ жакында Казакстандагы президенттик алмашуу туурасында кыргыз элинин жазган ар кандай сын пикирлерине казак досу эмне деп айтканын фейсбук баракчасына жазды:

“Бир казак досум: Коңшу элдин саясатын талкуулап сындап алган бул коңшулукка жатпайт. Ишиң эмне деп койсок уят болуп каласыңар. Деги эле, оозунан «чимкирик» чачырап атса деле, тура калып кол чаап аткан бир тууган эл силерсиңер. Биздин саясатты эмне кыласыңар, канча жылдар артта калган экономикаңарды оңдоо менен алек болгонуңар дурус, — дейт
Мен унчуккан жокмун”,- деди.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу