Бек Борбиев дагы сунуш киргизүүдө: «Улуттук фольклордон башкасынын баарын менчике өткөрүш керек…»

Ырчы Бек Борбиев акыркы учурларда фейсбуктагы баракчасы аркылуу саясатка аралашып, өз пикирин билдирип келет. Бул жолу ырчы мамлекеттик же жеке менчик деген темада сөз козгоп:

«Улуттук фольклёрдон башкасынын баарын жеке менчике өткөрүш керек», -деп пост жазып чыкты.

Бирок бул жолу Бек Борбиевдин сунушу эч кимди кызыктырбадыбы, айтор пикир калтырып талкууга алгандар адаттагыдан аз болду.

Эске салсак, Бек мырза буга чейин Кыргыз Республикасы деген аталышты Кыргыз Каганаты деп алмаштыралы деп сунуш киргизип катуу талкууга кабылган эле.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу