Бек Борбиев дагы кимдерге сын айтты?

Коомчулукта өз пикирин дайыма калыс билдирип, кээде саясатка да сын айтып калчу, белгилүү обончу жана аткаруучу Бек Борбиев фейсбуктагы жеке баракчасына бир топ сындарды жазды.

Ал депутат Тазабек Икрамов эки жыл физкультура сабагынан иштеген тажрыйбасы менен билим берүүнүн отличниги болгонуна какшык ирээтинде мындай пост жазды:

“Жаш ырчылар наамдарды катар-катар алганда, 30-40 жыл стажы бар маданий кызматкерлер үчүн мындай ызы- чуу кылбадыңар эле..) Калыс болсонор …))”- деди.

Ал эми ага удаа эле мындан эки жыл мурунку Дача-Судагы учак кырсыгы тууралуу да өз пикирин билдирди:

“Азыркы бийликтин принципиялдуу милдети, мына ушул кырсыкты дыкат изилдеп, күнөөлүү кылмышкерлерди жоопко тартуу. Антпесе эл ичинде ишенбестик, бийликтен шек саноо боло берээри турган иш”- деди.

Ошол эле учурда Бишкектин борборундагы балатынын жасалгасы тууралуу да: “Моюнга алыш керек, начар болду…” деген пикирин айтты.

Фейсбукта 30 миңге чукул катталуучусу бар белгилүү, таланттуу ырчы Бек Борбиевдин жазгандары коомдук пикир жарата алат.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу