Бек Борбиев Балыкчыда концерт берип, Караколдо эс алууда…

Белгилүү обончу, аткаруучу КР эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев интернеттин активдүү колдонуучулардын бири.

Ал 3-февралда Балыкчы шаарында, ал эми 4-февралда Нарын шаарында концерт бере турганын Фейсбук баракчасына жар салды.

Кечээ концерт алдында Каракол шаарындагы кышкы эс алуу жайында лыжа менен тушкөн сүрөтүн жүктөп:

“Каракол рахмат, эсте кала турган сезимдер менен узап баратабыз . Эртен 3- февраль Балыкчыда, 4- февраль Нарын шаарынан көрүшкөнчө урматтуу күйөрман!”,- деп жазган.

Ырчынын ар кайсы аймактагы күйөрмандары, Фейсбук баракчасындагы достору аны күтүп жатканын жана кайсыл жерде саат канчада болоорун тактап сурап да жатышты.

Кышында Кыргызстанды кыдырып, гастролго чыккан Бек Борбиевди мактаган пикирлер арбын болду.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу