Бек Борбиев: «Ар бир чыгармачыл өнөр адамы үчүн наам, сыйлык алган күн — бакыт»

Кечээ, 30-августта президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкондугу үчүн бир топ инсандар ар кайсы тармактар боюнча мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган. Сыйлык-наам алгандардын арасында сахна, кино, журналистика, теле чөйрөсүнүн адамдары да бар. Айрыкча, ыр дүйнөсүндөгү кээ бир өнөр адамдарынын сыйлык-наам алуулары боюнча алардын айрымдары интернеттин социалдык тармагында сынга кабылышууда.

Бул боюнча тээ өткөн кылымдын 90-жылдарынан бери сахнадан түшпөй келе жаткан кыргыз эстрадасынын жылдызы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Бек Борбиев интернеттеги өзүнүн баракчасына калыс пикирин жазды.

«Ар бир чыгармачыл адам, өзгөчө кыргызда ушул наам үчүн иштеп келет. Ар бири үчүн наам, сыйлык алган күн — бакыт. Ошондуктан урматтуу фейсбуктагы достор, «тиги татыктуу», «бул татыктуу эмес» деген  айрым пикирлерди жазуу — өтө тайыздык. Бийик бололу! Ар бир чыгармачыл адам мактоого, сыйлыктарга татыктуу…

Албетте, кээ бири эрте, кээ бирлер кеч, а кээ бир өнөр адамдары көмүскөдө калып кетип жатат. Бул катачылык бүгүнкү сыйлык ээлеринин күнөөсү эмес, бул ошол чыгармачылыкты «биз билебиз» деп тескеп олтурган, өзүбүзгө жараша шайлап алган бийлигибиз.

Ошондуктан, сөз айтсак бийлик тарапка айтып, ал эми өнөр адамдарын наамдары менен куттуктап койсок — ошол жарашат», -деп жазат Бек Борбиев.

Булак: inter.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу