Бек БОРБИЕВ: “Азимбек мырза, өзүңүздүн өткөндөрүңүздү эстеп, банктагы ячейкалар тууралуу маалымат берип койбойсузбу…”

Экс-президент А. Атамбаевдин бир жагынан досу, экинчи жагынан «тыңчысы» экени ачыкка чыгып калган А. Бекназаров ИИМдин экс-министри М. Конгантиевге карата 2010-жылы козголгон кылмыш иши УКМК тарабынан кыскартылганына карата 10-июлда борбор калаабызда маалымат жыйынын өткөргөн. Анда ал М. Конгантиевдин өткөн чагын эске салып: “Молдомуса эсине келе албай жаткандыктан биз анын ишин өзүнчө бөлүп койгонбуз, гумандуулук кылганбыз. Биз аны дарылатууга жөнөткөнбүз. 2010-жылы Конгантиевдин иши тергелген эмес. Калгандарынын иши тергелген. Бирок көп маселелер бар да! Бакыйган күч түзүмүнүн, ИИМдин башчысы эмнеге жооп бербейт экен? Курманбек Бакиевдин «монстр» бийлигин орноткондордун кылмыш ишин акырын кыскартып койгон моралдык-нравалык жактан туура эмес”, — деген ал. Азимбек мырзанын мындай пикирине КР эмгекс сиңирген артисти Бек Борбиев “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу мындайча өз пикирин жарыялаптыр: “Азимбек мырза, өзүңүздүн да өткөн күндөрүңүздү эске салып, банктагы “ячейкалар” жөнүндө бир кенен пресс-конференция берип койсоңуз жакшы болот эле, кылмыш иши жандана электе. Эл арасында көп аңыз кептер айтылып келет, кантип “ячейкалар” Алматыга ташылганы…”. Ырасында эле 2010-жылдагы апрель революциясында карапайым эл канын төгүп, жанын берип атса, Азимбек мырза банктагы “ячейкалардан” Бакиевдерге тиешелүү миллиондогон акчаларды өзүмдүк кылып алуу менен алектенип жүргөнүн айтып жүргөндөр толтура. Муну ырчы мырза дагы тастыктады. Б. Борбиевдин бул пикирин “фейсбук” колдонуучулардын көпчүлүгү колдоого алганын да айтып коюу керек. “Ойдогу сөз айтылыптыр да, эң туура”, “Ак үйдү алгандар баатыр болушту. Баткенде согушка катышкандар баатыр эмеспи? Кыргызстандын бүтүндүгүн сактап калдык, а силер ячейка ачып жыргадыңар” деген сыяктуу жазылган комментарийлер өтө көп. Чын эле, Азимбек мырза ошол ячейкалар боюнча бир кеңири маалымат жыйынын өткөрүп койбойсузбу?

Аргумент.kg
Жооп калтыруу