Бектур Асанов: Же Сегизбаев кетет же үчөөбүз өлөбүз

Экс-президент А. Атамбаевдин “хандык” доорунда жеке мамилесинен улам гана жок жерден саясый айып тагылып, “Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген айып менен камалгандардын катарында Бектур Асанов да бар. Канткен менен ал өзү жана башка окшош берене менен эркинен ажыратылгандар жакында жаңы президент С.Жээнбековго кайрылуу жолдошту. Ак үй тараптан азырынча эч кандай жооп айтыла элек. Анткен менен Б.Асанов, К.Кадыров жана Э.Карыбековдор кургак ачкачылык жарыялап, 2-февралдагы Бишкек шаардык сотундагы жараянда УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаевдин отставкага кетишин талап кылышты. Жабык өтүп жаткан соттогу Бектур Асановдун сөзү интернетке таркап, кызуу талкууга алынууда. Анда Асанов коюлган талаптар аткарылмайынча, өзү менен кошо соттолгон эки оппозициячы менен чогуу ачкачылыкты акырына чейин кармай турганын мындай деп айткан: “Үчөөбүз тең акыр-аягына чейин саясий ачкачылык кармайбыз. Же Сегизбаев кетет же биз үчөөбүз өлөбүз. Мен адвокаттардан баш тартам. Мамлекеттик адвокаттарды да албайм. Көтөрүп келсеңер да келбейбиз”. Ооба, мурда саясый негизде соттолгондор ар кандай ачкачылык жарыялап келишкен. Бирок булардын тамак-аштан гана эмес, суудан жана суусундуктардан да баш тарткан “кургак ачкачылыгы” өтө опурталдуу болууда. Азыр алардын алды алты, арты беш күндөн бери наар албай жатышат. Бирок УКМК да, ЖАМК да ачкачылык жарыялагандардын абалы тууралуу маалымат бербей турат. Бир балакет болуп кетпегей эле…

 Булак: Майдан. kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу