Бектур Асановдун “пачагын” Алмазбек Атамбаев чыгарды…

«Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген» деген айып менен камакка алынган үч саясатчы Жогорку Кеңешке КАЙРЫЛУУ жасайт. Парламентке кайрылуу бүгүн бериле турганын камактагылардын бири Бектур Асанов 2-февралдагы Бишкек шаардык сотундагы жараянда билдирген.

«Саясий туткундарды коргоо комитети» билдиргендей, Бектур Асановдун кургак ачкачылык кармаганына бүгүн сегиз күн болду. Карыбеков жети, Кубанычбек Кадыров алты күндөн бери кургак ачкачылык кармоодо.

Тилекке каршы, камакка алынган саясатчылардын ачкачылык кармаганынан бир чечим чыгабы же жокпу бир гана Кудай билет. Азырынча камакка алынгандар ачкачылык акциясын токтото элек.

Баса, камакка алынган саясатчылардын бири Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов 2010-жылдагы төңкөрүшкө салымдары өтө чоң болгон. Белгилей кетсек, Кубанычбек Кадыров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын колдоочусу болсо, Бектур Асанов Түштүк аймагындагы “пачак” чыгаргыч милдетин аткарган.

Эске сала кетсек, Атамбаевдин жакын достору Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылдан эркинен ажыратылган. 2016-жылдын мартынан бери УКМКнын тергөө абагында. Бийликти басып алганга аракет жасады деп жоопкерчиликке тартылгандардын бири Эрнест Карыбеков 20 жылга, Дастан Сарыгулов үй камагына шарттуу 4 жылга кесилген.

Эмне дейбиз, ачуу чындыкты айтпай кетпесек болбойт. 2010-жылдагы төңкөрүштүн алдынкы сабында тургандардардын баары 295-беренеси менен («Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү») жоопко тартылабы? Кыскасы «бир туруп өлгүң келет, бир туруп көргүң» келет деген сөз эске келет. Аман эле бололучу боордоштор. «кыргызга КЫРГЫЗ гана күйөт ошол нерсени унутпасак. Сырткы жана ички душмандан Кыргызстанды Кудай сактасын.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу