Бектемир Мамаюсупов, актёр: “Атам көргөндү мен да көрүп саясатка, бийликке кызыккым келбей калды”

— Бектемир мырза, камеранын, шоунун сыртындагы жашооң кандай?

— Эл катары эле. Баардыгы мурункудай… Киного келгенге чейин кандай болсо, азыр деле ошондой. Себеби, мен киного кокустан эле келип калгам да. Азыр өзүмдүн эле жашоом менен жашап жүрөм. Бир аз максаттарым, көз караштарым өзгөрдү. Аларды ишке ашыруу менин колумдан келет. Америкадан келгенден бери туруктуу иш таап, иштей элекмин. Кесибим боюнча өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштешим керек. Кесибим боюнча иштейин деген азыр ойдо жок. Учурда өзүм авторлук кылган тасманын үстүндө иштеп жатам.

— Жашоодо сага эмне ырахат тартуулай алат?

— Жашоодо мен көбүрөөк кызыктуу окуяларды жакшы көрөм. Кызыктуу окуяларга кабылып тургум келет. Кайда болбосун саякаттаганды жактырам. Активдүү жашоону көздөйм, колдойм. Спортко жакынмын. Экстримди сүйөм. Лыжа, коньки, ролик, велосипед тебем. Ат минем, чабам. Парашютта учам. Мына ушул нерселердин баардыгы мага ырахат тартуулайт.

— Негативдүү маанайың болуп калганда, аны менен кантип күрөшөсүң?

— Мен өзүм абдан шайыр жигитмин. Көп күлгөнгө аракет кылам. Адамдарды тамашага салганды жактырам. Дайыма позитивдүү маанайда жүргөндү жакшы көрөм. Мурда башыма мүшкүл иш түшсө, проблеманы өзүмө үйүп алып эле жүрө берчүмүн. Жашоодо проблема деген нерсе болбойт экен. Аны менен күрөшүп, жеңсе болоорун түшүндүм. Менде негативди тартуулап турган маанай чанда гана болот. Ал учурда өзүмдү кармап, башкарып, жакшы нерсе менен алек болгонго аракет кылам. Кара эмес, ак иш менен алек болом. Кудай ден-соолук берсе, жаман нерселердин баарын жеңүүгө болот экен.

— Мырзалардагы кайсы сапат сен үчүн эң маанилүү жана эмнеге?

— Менин пикиримде мырзалар иштемчил, жөнөкөй, адамгерчиликтүү болуш керек. Алар үчүн көп нерсени билүү зарыл. Мырзалар үй-бүлөнү бага турган адамда болгондуктан, алар баардыгын жасаш керек. Мен дагы үйдө төрт кыздын ичинде жалгыз баламын. Буюрса, мен дагы үй-бүлөмдү багыш үчүн көбүрөөк иштеп, саякаттап, аракеттенип келем. Студенттик күндөрүм эбак өтүп кетсе да, мен бир нерсени үйрөнүп алуудан эч уялбайм. Азыркыга чейин окуйм, билим алам.

— Сен үчүн бийлик маанилүүбү жана ал сага эмне бере алат?

— Бийлик мен үчүн өтө маанилүү эмес. Өзүмдүн атам көп жылдан бери саясатта иштеп келген. Депутат, министр болуп, президенттик аппаратта да эмгектенген. Бийликте көп жыл турган, Өкмөткө көп кызмат кылган. Өтө ишеничтүү, билимдүү, иш билги, акылдуу алган айлыгы менен жашаган адам болчу. Атам көргөндү мен да көрүп, саясатка, бийликке кызыккым келбей калган. Менин жашоомдогу максатым башка. Өзүм үчүн жашоо, дүйнө кезүү. Дүйнө жүзүнүн баардыгын көргүм келет. Анын баарын көрүш үчүн көп эмгектенишим керек. Бийликке келип, мен ал нерселерге жете алам деп ойлобойм.

— Акча, авто унаа сен үчүн эмне?

— Авто унаа мен үчүн өзүмдүн иштеримди бүтүргөнгө, үйдөгүлөрдү ташыганга керектүү нерсе. Мен авто унаага көп кызыкпайм. Бизде кредитке акча алып, болгон акчасына кымбат баалуу авто унаа алып мактанып, бензини жок адамдарды көп көргөм. Башка жигиттерге окшоп марка кубалап, кымбат баалуу авто унаа мингим келбейт. Болгону биздин жолдор жаман болгондуктан, өзүбүзгө ыңгайлуу, джип унаа алгым келет. Джипти мактаныш үчүн эмес, жолдогу жыртык-тешиктер оңолбогондуктан, жолго ылайыктап сатып алам. Ал эми акча жүгүртүүчү, көбөйүп туруучу нерсе. Акча мага ачка калбаш үчүн, дүйнө кыдырыш үчүн керек.

— Адамдын кайсы кылыгын кечирүүгө болбойт?

— Буга чейин мен абдан таарынчаак болчумун. Көп жыл жакын дос болуп жүргөн досторумдан жардам сурасам, мага жардам бербей коюшса, таарынып, жинип көп келчү. Азыр болсо мен бардыгын кечире алам. Жашоодо кечиримдүү болгон жакшы экен. Өкүнгөндө пайда жок. Ал нерседен эч нерсе чыкпайт. Харам нерселерден башкасын кечирсе болот.

Маржан Назарбаева, NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу