БЕКНАЗАРОВ ТЕКЕБАЕВДИН СОТУНДА КАЙРАДАН КӨРСӨТМӨ БЕРЕТ

Бишкек шаардык сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши уланууда. Анда жактоочулар экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаровду кайрадан суроо өтүнүчүн келтиришти. Белгилей кетсек, Бекназаров сотто билип туруп жалган көрсөтмө берген деп шектелип ага карата кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле жактоочулар Текебаевдин мурдагы жан сакчысы Нурлан Сукеновду, убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Элмира Ибраимованы, Болот Шерди жана Кенжебек Дүйшөбаевди дагы кайрадан суроону өтүнүштү.

Чынара Жакупбекованын айтымында, соттук отурумдун протоколунда жана өкүмдө дал келбестиктер болууда.

Сот Адис Момуналиев бул өтүнүчтөрдү канааттандырды.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу