Бекназаров Салянованы, Осмонов Бекназаров менен Ташиевди камаш керек дейт

Өткөн жумада Азимбек Бекназаров менен Камчыбек Ташиевдин чай үстүндө маектешип, анда Өмүрбек Текебаевдин сотунда жалган көрсөтмө бергендерин айтып жаткандары жызылып алынган аудио жазуу жарыкка чыгып, коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Көп өтпөй кечээ жакында Азимбек Бекназаровдун журналист Раушан Рыкунова тарабынан жашыруун тартылып алынган кадрдан сырткары маек да жарык көрдү.

Анда Бекназаров Текебаевдин сотунда жалган көрсөтмө бергенин тастыктаган жана аны Текебаевге боору ачып жаткандыктан жасаганын айткан. Ошондой эле ал Аида Салянованы да камаш керектигин билдирген. Мына ушундай фактылардан кийин коомдук ишмер Курманбек Осмонов “Бекназаровдор жалган көрсөтмө берсе, жоопко тартылышы керек” — деп билдирди. Ошентип учурда саясаттын кайнап турган маалы. Эми бийлик Бекназаров менен Ташиевге жалган көрсөтмө бергени үчүн кылмыш ишин козгойбу деген суроо турат. Укуктук баа берилип, жыйынтык чыгарып койсо мындан кийинкилерге да сабак болоор эле.

Булак: «Ачык саясат»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу