Бекназаров Атамбаевдин саясаттагы кадамын сындады (видео)

Саясатчы Азимбек Бекназаров «Азаттык» радиосуна интервью берип жатып экс-президент Алмазбек Атамбаевдин саясатка аралашып жатканын сындады.

Бекназаров «Атамбаев президент кезинде да, кызматтан кеткенден кийин да Кыргызстан социал-демократиялык партиясына (КСДП) мүчө болгону туура эмес» деген пикирин билдирди.

-Ушул тагдырына кайыл болуп, «мураскорум, сен иште» деп, саясатка аралашпай отурса, аягы жакшы болот. «Сени мен адам кылганмын» деп күпүлдөй берсе, аягы жаман болот. Экс-президент катары Отунбаевага окшоп же башка экс-президенттерге окшоп фонд ачып, мемуар жаз, кайрымдуулук фондун түз.

Бекназаров Атамбаевдин кайра президент болуу дымагы жок экенин, бирок азыркы бийликке карата өч алуу аракети бар экенин кошумчалады.

Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдагы президенттик шайлоодо КСДПдан талапкер болуп чыккан. Ал Алмазбек Атамбаевдин саясатын уланта турганын билдирген. Бирок бир катар байкоочулар ал мамлекет башчылыкка келген соң жыл айланбай эле мурдагы президент менен мамилеси сууп кеткенин белгилешкен. Атамбаевдин тушундагы аткаминерлер коррупцияга байланыштуу айыпталып камалып, экс-прездент бийликтин бул кадамын сындаган.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу