Бекназаров Азимбек: «Атамбаевди Чым-Коргонго алып барып текшертиш керек»

Экс-генпрокурор Азимбек Бекназаров экс-президенттин жергиликтүү телеканалга берген маегинен анын психикалык жактан оорусу бар деп эсептейт.  Бул тууралуу ал Vesti.kg маалымат агенттигине маек берип жаткан учурунда айтты. Ошондой эле ал мурунку президент өзүнүн кылган кылыктарын казып жатат деп билдирди. — Аны Чым-Корогондун ооруканасына текшертиш керек, —  деген пикирин билдирген.

Азимбек Анаркуловичтин айтымында, Сегизбаев менен Жолдубаевага Атамбаев 10 миң доллардан төлөп бериптир. Анын Бабановго козголгон кылмыш ишин жаап койгула деген суранычына акча алгандар жабууга макулдук беришкен эмес.

Атамбаев интервьюсунда Текебаевди түрмөгө камайын деген оюу деле болгон эместигин эл-журтка айтты. Ошону менен бирге Тарых музейиндеги иштерге эмнеге аралашат? Ал мэрдин жумушу да,- деди нааразы болгон Бекназаров

Эскерте кетсек, экс-президент Атамбаев Алмаз 10 декабрь күнү өз интервьюсун берген.

Жазгүл Урмамбетова

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу