Бекназаровдун айткандары боюнча УКМК кылмыш ишин козгоду

Азимбек Бекназаровдун сотто жалган көрсөтмө бергендиги үчүн кылмышы иши
козголду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 15-августунда Башкы прокуратурадан УКМКГа мура интенетке
тараган Камчыбек Ташиев менен Азимбек Бекназаровдун аудио жазуусу келген. Ал аудиодо Азимбек
Бекназаров Өмүрбек Текебаевдин сотунда жалган көрсөтмө бергендиги айтылган.
Мындан сырткары, УКМКга «comment. kg» маалымат сайтынын жетекчиси Р.Айткулова Бекназаровго
карата чара көрүүнү суранып кайрылган. Ал өз арызына Бекназаров менен сүйлөшкөн видеону дагы
тиркеген.
Аудио жана Видео Казакстандын Алмата шаарында көз карандысыз эксперттер тарабынан
текшерилген. Текшерүүнүн жыйынтыгында, аудио жана видео монтаждалбагандыгы далилденген.
Кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу