Бекешов туура маселени козгоду.

КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов: «Эки жарандыгы бар саясатчыларды кылмыш жазасына тартыш керек» – деген сунуш киргизди. Ал өз сөзүндө: «2011-2012-жылдары бир нече саясатчылардын кош жарандыгы боюнча кеп болгон. Бешинчи чакырылыштын депутаты Жыргалбек Саматовдун Россиянын жарандыгы аныкталгандан кийин анын мандатын алдык. Бирок ага төлөнгөн маяна, премия жана башка чыгымдарды мамлекетке эч ким кайтарган жок», – деген фактыны жүйө келтирди. Мындан улам, «эртең мамлекет башчылыгына дагы башка өлкөнүн жаранын шайлап алышыбыз мүмкүн», – деп маселени кабыргасынан койду. Ырасында, чындыкты айтты. Депутат буга чейин 2011-жылы эле Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизип, кош жарандыгы бар саясатчыларды жазалоону демилгелеген. Бирок анда парламент мыйзам долбоорун колдогон эмес.

Булак: Фабула 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу