БЕКЕШЕВ КЫРГЫЗСТАНГА ИНВЕСТОРЛОР КЕЛБЕЙ ЖАТКАНЫНА ЖУРНАЛИСТТЕРДИ КҮНӨӨЛӨДҮ

Депутат Дастан Бекешев бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстанга эмнеге инвесторлор келбей жатканын билдирди.

Айтымында, буга журналисттер дагы күнөөлүү.

“Эмнеге бизге инвесторлор келбей жатышат? Себеби аларды  УКМК текшерет, Башкы прокуратура кылмыш ишин козгойт. Жогорку Кеңеш, өкмөт жыйынга алып чыгат. Журналисттер жазып башташат. Албетте, анан эч ким компанияны албайт”,-деди Бекешев.

Белгилей кетсек, депутаттар Мамлекеттик мүлк фондунун “Альфа телеком” колмпаниясын сатуу боюнча отчетун угушууда.

Эске салсак, Орусиянын жараны Елена Нагорная «Альфа Телекомду» сатып алуу үчүн өз арызын тапшырган.  Аталган мекеме анын ишкер айымдын  финансалык мүмкүнчүлүгүн жана тиешелүү документтерин текшерип чыккандыгын, Елена Нагорная кирешелүү бир нече ишкананын ээси экенин кошумчалайт.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу