Бекешев кедей-кембагалдарга бекер көмүр таркатууга каршы

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов Бишкек шаардык мэриясына кедей-кембагалдарга бекер көмүр таркатууну токтотуу сунушун жөнөттү.  Бекешевдин пикиринде,  аны менен шаар бийлиги кааланын абасын бузууга салым кошууда.

«Анын ордуна газды киргизүүгө көмөктөшүү керек. Шаар тургундарын абаны бузбаган отун менен үйдү жылытууга көндүрүү зарыл» — дейт депутат.

Эскерте кетсек, шаар бийлиги аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 2018-2019-жылга карата көмүрдүн ордуна акча бөлүп бермекчи.

Акыркы айда жергиликтүү тургундар, депутаттар шаардын үстүн түтүн каптаганына даттанышууда. «Бишкек жылуулук станциясынын» жетекчилиги аларга карата айыптоолорду четке кагып, шаардын абасына 14 пайыз гана таасир берерин, абаны үйүн көмүр жылыткан жеке сектор булгап жатканын айтат.

 

Булак:Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу