Бекболот Талгарбеков, саясий туткун: “Депутат Жанар Акаевге мунапыс мыйзамы боюнча кайрылам!”

Урматтуу Жанар Кубанычович!

Сизге кайрылуумдун себептери төмөнкүчө. Биз, 105 адам, 2016-жылдын 12-апрелинде “Элдик парламент” коомдук бирикмесин уюштурганбыз. Катарына бийликтин да, оппозициянын да адамдары кирген эмес. Максат — өлкөдөгү курч маселелерди көтөрүү эле. Алгачкы үч маселенин бири агездеги президент Алмазбек Атамбаевдин отчету жана анын өз ыктыяры менен отставкага кетүүсү болгон. Жүрөгү түшүп калган Атамбаев өткөн кылымдын 37-жылындагы саясий куугунтук ыкмасын колдонуп, бизди, бирикменин беш мүчөсүн каматкан. Анын жан-жөкөрү, УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин “далилдери” — бир сексоттун “мага Талгарбеков бийликти күч менен басып алууну айткан” деген бир ооз жалаа арызы жана өздөрүнүн жасалма материалдары. Бизден боевиктер тобу, курал-жарак, акча түгүл, бир рогатка же союл табышкан эмес. Коомчулуктан кылмышын жашыруу үчүн УКМК соттук териштирүүнү жабык өткөрүү боюнча мыйзамсын чечим кабыл алган. Саясий оппоненттердин соттук иштерине “гриф секретности” ыкмасын колдонуу Сегизбаев үчүн өнөкөт курал болгону бүгүн жалпыга маалым. Эгер бирикмеге мүчө кезибизде бешөөбүз тең мамлекеттик кызматта иштебесек, анда биздин соттук иште кандай “мамлекттик купуя сыр” болушу мүмкүн?! Натыйжада, бийликке көз каранды райондук сот, прокурорлор бизди узак мөнөттөргө соттошкон. Мага жана Төрөбай Колубаевге он төрт жылдан, Марат Султановго он жыл, Тойгонбек Калматовго алты жыл, Александр Гусевге беш жыл беришкен. Биз каршы болуп Бишкек шаардык сотуна кайрылганбыз. Бирок ал жактагы бийликтин “киллерлери” өкүмдү күчүнө калтырышкан. “Акыры акыйкат заман келээр” деп, өткөн жылдын ноябрь айында № 27 абакка кеткенбиз. Анан бийлик алмашты, өзгөрүүлөр боло баштады. “Акыйкат, чындык келди” деп жаңылып алышкан саясий туткундар кезектеги оор соккуларга туш болушту. Жогорку сот май айында Аида Салянова жана Садыр Жапаровдун жаза мөөнөттөрүн толук күчүндө калтырды. Бектур Асанов, Кубан Кадыров, Эрнест Карыбековдордун мөөнөтү анча-мынча гана кыскартылды. Өмүрбек Текебаевдин башкы прокуратурага кайрылуусу четке кагылды. Жаңы бийликтин тушунда сот системасы эч өзгөрбөгөнү, ага ишеним нөлгө барабар экени, дагы эле зөөкүрлүк уланып жатканы таасын дайын болду. Ошол себептен, мен жана Төрөбай Колубаев экөөбүз Жогорку сотко арыз жазган жокпуз. Кийинки үмүт жаңы бийликтин кадры, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдо болгон. Мен ага июнда кайрылгам: “Жогорку сотко ишенич жок, өзүңүз акыйкаттык көрсөтүп, коомдук комиссия түзүп, соттук ишибизди ачык териштирип берсеңиз”- деп. Бирок, анын да колу-буту тушалуу көрүнөт. Мен катымды Жогорку сотко жөнөтүп тим болду. Кийинки үмүтүбүз кыргыздын чагылган жигити Уланбек Эгизбаевде болгон. Ал каза тапканда карайлап олтуруп калганбыз. Бирок жакында кезектеги үмүт учкуну жанды. Жогорку Кеңеш мунапыс мыйзамын кабыл алууну көздөп жатыптыр. Аталышындагы “1938-жылдагы саясий репрессиядан жапа чеккендерди эскерүү” деген сөздөрдү окуп, балким, “биз да, XXI кылымдагы саясий туткундар, абактан чыгабызбы”- деген ойго келдик. Долбоорду карасак, анда үчөөбүзгө (мага, Колубаев, Султановго) тоскоолдук коюлуптур. Биздин бир күн да жаза мөөнөтүбүз кыскарбайт экен. Балким, ал тоскоолдукту алганга жардам берээрсиз? Анткени, сиз жаш болсоңуз да акыйкат, чындык үчүн тайманбай күрөшкөн кыргыздын азамат жигити катары жалпы элге таанымал болуп калдыңыз. Ал кандай тоскоолдук? Эки жыл мурда бизге жамандык кылууга бардык күчүн жумшашкан Сегизбаев, Жолдубаевалар үчөөбүзгө КР Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесин чапташкан. Ал берене илинген адамга, азыркы мыйзамда жалпы, калган беренелер боюнча дагы, мунапыс берилбейт. Ал “куйту” берене боюнча Первомай райсотунун судьясы Мирлан Термечиков бизди мыйзамды тебелеп-тепсеп соттогон. Өзүнүз калыс болуңуз.

  1. М.Термечиков таянган документ – бул “Элдик парламент” бирикмесинин Кыргызстандын элине кайрылуусу. Ал 2016-жылдын 7-майында “Трибуна” гезитинде жарык көргөн. Бирок УКМК кызматкерлери жасалма, көлөмү эки эсе көп, каталарга толгон Кайрылуу даярдашкан. Ал кагазга печатталган соттук иште сакталып турат. УКМК ошол жасалма “Кайрылууга” 12-майда “эксперттердин корутундусун” чыгартып, бизди күнөөлөгөн.
  2. УКМК “эксперттерге” менин 2014-жылы “Арена” гезитинде чыккан “Атамбаев – миң жылда бир келчү кырсык” деген маегимди да беришкен экен. Алар: “ал маекте мыйзамсыз эч нерсе жок” деп “корутунду” беришет. Ал эми тергөөчүлөр айып таккан “регион аралык кастыкты козутушкан” деп “далил” катары алынган цитаталар дал ошол маектен жүз пайыз окшош алынганын байкабай калышкан. Бул кашкайган фактыга М.Термечиков көз жумуп койду.
  3. Мыйзамга ылайык, адистер “эксперт” деп аталыш үчүн атайын сертификатка ээ болушу зарыл экен. Ал эми биздин Кайрылууга “корутунду” бергендер “эксперттер” эмес, болгону “адистер” болуп саналаары сотто такталды. Муну УКМК “эксперт” деп тандагандар да өздөрү моюнуна алышты. Демек, алар “корутунду” эмес, “пикир” гана бере алышат экен. Ал эми “пикирге” өкүм чыгаруу дүйнө жүзүндө судья М.Термечиковдун гана колунан келээри айкын болду.
  4. Өлкөбүздө “соттук-медициналык экспертиза” боюнча гана мыйзам жана ага ылайык Жобо кабыл алынып, иштелип келе жатыптыр. Ал эми “саясий экспертиза” боюнча мыйзам да, Жобо да жок экен. Аны адистер сотто өздөрү айтып беришти. Демек, биздин материалдарга жасалган “эксперттик корутундулар” толук мыйзамсыз экен.
  5. Эгер “соттук-медицина экспертиза” мыйзамын карасак, коюлган күнөөлөр “толук такталган (категоричный) же божомол (вероятный) жыйынтык” деп аталып, биринчи жыйынтыкка гана өкүм чыгат экен. Ал эми бизге келген адистер бир ооздон “регион аралык кастыкты козутуу фактысы толук такталган деп айтууга эч негиз жок” деп кесе айтышты. Бирок тергөөчүлөрдүн, судья М.Термечиковдун “божомолдору” мыйзамдан өйдө турат экен.
  6. Регион аралык кастыкты козутмак” деп биз келтирген цитаталар толугу менен А.Атамбаевдин сөздөрү экени сотто фактылар (видео, гезиттер) менен далилденди. Буга байланыштуу сотто илим доктору А. Жусупбеков: “ал сөздөр үчүн булар эмес, Атамбаев өзү соттолушу керек!”- деген пикирин айтты.
  7. “Регион аралык кастыкты козутуу” беренеси боюнча УКМК же Башкы прокуратура бизге кылмыш ишин козгогон эмес. Козголбогон кылмыш иши боюнча сот өкүмү чыккан практиканы биздин адвокаттар өмүрү көрүп-билишпептир. Атамбаевдин бандасы чексиз көпкөндүктөн соттоп салуудан мурда кылмыш ишин козгоп коюудан да эринишиптир. Жыйынтыктасак, “Термечиков феномени” деген мыйзамды алгач зордуктап, анан муунтуп өлтүргөн сот практикасы дүйнө тарыхында сейрек кездешсе керек. Бир эле берене боюнча жети ирет (!) мыйзамды тебелеп-тепсеп, ага какырып-түкүргөнү зөөкүрчүлүктүн, акмакчылыктын жеткен чеги эмеспи.

Урматтуу Жанар Кубанычович!

Сиздин көңүлдү жасалма эмес, чыныгы Кайрылууга бурам (текст төмөндө). Сизде тажрыйбалуу  юристтер менен аны кылдат териштирүүгө мүмкүнчүлүк чоң. Ал Кайрылууда “регион аралык араздаштарууну козутуу” фактысы барбы?  Мисалы, анда  көлдүктөрдү оштуктарга, нарындыктарды чүйлүктөргө же баткендиктерди таластыктарга түкүргөн сөздөр барбы? Андай фактыларды юристтер сизге таап беришсе, анда биз “күнөөбүз бар экен, туура эле соттошуптур” деп тынч олтуруп калалы. Элестетсеңиз, урматтуу  Жанар Кубанычович, мыйзамдын бир да тамгасын бузбаган ушул эки барак Кайрылууну жазганыбыз үчүн Атамбаевдин “киллерлери” — Сегизбаев, Термечиков үчөөбүздү (мени, Колубаев, Султановду) беш жылга соттободубу! Акыл-эси ордундагы адам буга ишенбестир. Мындай зөөкүрлүк, наадандык XXI кылымда, “демократиялык өлкө” деп аталган Кыргызстанда болуп жатпайбы. Эгерде сиз биздин күнөөбүз жоктугуна ынансаңыз, анда учурдагы сот системасына ишенич жогун эске алып, мунапыс менен абактан чыгууга көмөк көрсөтсөңүз.  Ал эми келечекте, акыйкат заман келгенде, сөзсүз акталаарыбызга бизде эч күмөн жок. Акылман кыргыз элибиз “ак ийилет бирок сынбайт”, “кыңыр иш кырк жылда билинет”- деп жөн жерден айтпаган эмеспи.

Молдовановка айылы,

24-сентябрь 2018-ж.

Редакциядан: “Элдик парламенттин” жогоруда сөз болгон ЧЫНЫГЫ кайрылуусунун тексти бул санга батпай калгандыктан, кийинки санда толук жарыяланат. Бирок, кызыккан тараптар аны менен “Саясат.kg” (www.sayasat.kg) сайты аркылуу таанышса болот.

Булак: «Майдан.kg»

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу