Бекболат Тилеухан: казактар кыргыздардай ат таптай албайт

Казакстандын улуттук спорт федерациясынын президенти Бекболат Тилеухан ат таптоодо кыргыздар алдыда экенин маалымат жыйында билдирди.

Казакстандын улуттук спорт федерациясынын президенти, Межилис депутаты Бекболат Тилеухан казак көкпарчысынын Кыргызстандын телеканалдарына көкпарга эч кандай даярдыктар болбой, оюнга катышуу үчүн өзүнүн атын кошконун айтканы чындыкка дал келбей турганын белгиледи. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Тилеухандын айтымында, көк бөрүгө түшчү аттарды оюнду уюштурган тарап дайындап бериши керек.

«Бул айтылгандардын бардыгы жалган. Бир эмес, бир нече ирет жыйын өткөрдүк. Ат менен чакырган жакка барасың. Бирок Франциядан, Америкадан ким ат минип келет? Адатта ким чакырса ошолор ат камдайт. Экинчиден биз Кыргызстан сыяктуу ат даярдай албайбыз. Ушундай жерде эконмикалык каатчылыктын да пайдасы бар. Айрым кишилердин күнү атка түшүп калгандыктан, аны жакшы таптап сатуу менен алектенип, кийин өздөрү да кыйын саяпкер болуп чыга келишет. Бул нерсени кыргыздарга карата айтып жатам. Казак дагы жылкы баласына жакын эл. Кийинки сөзүм биздин жигиттерге катуу тийиш мүмкүн, ошентсе да биз кыргыздардай ат таптай албайбыз. Сарычаян да кыргыздардан келген. Андыктан кыргыздарды атты таптоо жагынан жаман деп айта албайбыз», — деди Тилеухан.

Эске салсак, Казакстандын улуттук спорт федерациясынын президенти, межилис депутаты Бекболат Тилеухан 10-сентябрда Sputnik Казакстан агенттигинде маалымат жыйын өткөрүп, Казакстандын улакчылары эмне үчүн Көчмөндөр оюндарында Өзбекстанга утулуп калганын жана бул оюндар Азия, Дүйнө чемпионаты сыяктуу мартабалуу эместигин айткан болчу.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу