Бекбоева Бегимай, ырчы: «Турмушка чыга элекмин, жүрөгүм бош»

Ырчы Бегимай Бекбоева Дайыр Исмадияров менен жетелешип эле жүрүп калгандыктан, көпчүлүк күйөрмандары болду, болбоду бул экөө баш кошуп алышты дегенге чейин барышты. Анысына кошумча түшкөн сүрөттөрүндө Бегимай нике шакегин кийип түшүп жаткандыктан мындай ушакка ого бетер май тамды көрүнөт «күйөөгө тийди» кылып салышты. Буга ачык жооп берип коеюн деп чечтиби, Бегимай жеке баракчасында күйөрмандарына кайрылып: «Турмушка чыга элек бойдок кызмын, жүрөгүм бош»-деп билдирди.

«Колумдагы шакек нике шакеги эмес. Бул шакек мен жакшы көргөн, колумдан эч чечпей тагынып жүргөн шакегим. 2015-жылы Нурзада аттуу курбум белек кылган. Көпчүлүк нике шакек деп ойлойт экен. Мен турмушка чыга элек кызмын. Жүрөгүм бош»-деди.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу